www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Отурбай каякка барат элең, кыздын барар жери күйөө. Бизда ушунтип келгенбиз

Камчыбек Бостон 27-август 2017, 22:50

Коом


Отурбай каякка барат элең, кыздын барар жери күйөө. Бизда ушунтип келгенбиз

Сезим адаттагыдай эле эртең менен эрте туруп, шыпылдата уйларын саап бадага кошуп келди. Күндүн мурду али тоодон кылтыя элек. Арыдан бери сүтүн тартып, чыккан көк сүттү бышырып, айран уютуп койду. Үй азырынча тымтырс. Бир аздан кийин биринен бири кичине төрт баласынын бир сыйра ыйлаган, сием-чычам деген, нан, чай сураган жөжүрөгөн үндөрүнө, кайнене-кайнатасынын картымак жөтөлүнө бөлмөлөр толо баштайт. Ага чейин жаш келин чоң чарага нанга камыр жууруп, эртең мененки чайга каттама жасап жиберүүнүн аракетине киришти.

Колу автоматтык түрдө камырды жукалап жайып, улам ойго чөмүлүп кетип жатты. Күйөөсү Нурбек түндө да үйгө келген жок. Каякта жүргөнү албетте, белгилүү. Ичкилик менен мектептен баштап эле дос болуп жүргөн күйөөсү үй-бүлө кургандан тарта ал адатын күчөттү. Атасынын үй-жайына ээ болорун билген жалкоо жигиттин башын оорутчу үй-жай, оокат күтүү керек, ал үчүн иштеш керек деген сыяктуу ойлор да жок. Кенедейинен ата-энеси жумшабай, кенжем деп аяп тургандары анын жашоосуна тетири таасир берди. Эми тарбиялаган менен не пайда, ай сайын пенсиясынан бергенден башка кандай айла кыла алышат? Карыган ата-эненин азыр көңүл жубатканы – келининин токтоо, эстүү чыкканы болду. Өзүмчүлдүк менен “бала-чакалуу боло берсе, уулу жинди болсо да кете албай, байланып кала берет” деген тымызын ой кайненени жетелеп, ал келинин “жаштайыңда төрөп-түшүп ал, кийин кыйын болуп калат” деп, эбиреп-жебиреп, Сезимдин беш жыл ичинде төрт балалуу болуп, катары менен койчо төрөшүнө да чоң себепкер. Жаш келин, кайнененин ал амалын кайдан түшүнсүн, райборборго “спираль” салдырганы жөнөөгө кам уруп калганда эле үйдөгү бүтпөгөн камылга көбөйүп, же кайненеси катуу ооруй калганы аны эч шексинтчү эмес. Антип-минтип чыгынып догдурга баргыча боюна бүтүп, ошону менен жыл айланбай чүрпөлүү болуп калчу. Ала качып келишкенде “окууңдү бүтүртөбүз, Нурбек экөөң шаарда жашайсың” деген кайын журтунун убадасы деле талаада калды…

Бала басты болгон, бир чети кайнене-кайнатасын багуу менен болгон келиндин түмөн түйшүгү анын кыялдарын унуткарды.

Мектепти бүтүп, өзүнүн күчү менен жогору балл топтоп медициналык жогорку окуу жайга өткөн. Кыялында ал аппак халат кийип, оорукчандарды дарыламак жана сымбаттуу жигит аркасынан чуркап жүрүп колун сурамак. Борбор калаадагы бейтапканаларын бирине күндө жасана кийинип, шиш такасын тыкылдата кирип чыгып, жактырган адамы менен кол кармашып, бакубат жана бактылуу өмүр сүрмөк…

…Эртен мененки чайга отурушканда, оолжуй кирген Нурбек босогону аттаары менен аялын шаштыра баштады.

-Бол, бас, Жаныбекке аял апкелдик. Тойго камылгасына жардам берели.

– Жаныбекке? Анын сүйлөшкөн кызы бар беле?

Сезим суроолуу тигилди. Анын таңгалганынын жөну бар. Нурбектин теңтушу, же кебетеден, же жакшы мүнөздөн жок, бир кудай аткыр дегенге татыктуу Жаныбекти билген кыздар андан жаа боюн качып, эч кимиси сүйлөшчү эмес.

Кызымтал күйөөнүн көңүлү ачык экен:

– Хе, кыз деген кырылса түгөнгүс. Не праблема. Таап бердик. Жаман көк бет экен, беш сааттан бери отурбай атат. Эмгиче отургандыр, шайы деле кетип калды эле. Бол, бас эми,- шаштыра баштады.

Кайненесине ачытылган камырды табыштаган келин арыдан бери төшөктөрдү жыйнады да, жаңыраак халатын үстүнө салып, жоолугун түздөдү. Күзгүдөн аны жашы жыйырма беште деп айтууга болбой турган илмийген келин карап турду. Күнгө күйгөн жүзүнө жыл сайын төрөгөндүгү да изин калтырып, капкара кетпеген сепкил түшкөн. Көзүнүн кычыктарында, оозунун тегерегинде бырыштын алгачкы илеби турат. Кыз чагындагы сулуулугун күбөлөгөн бажырайган көздөрүнүн нурун ичкич күйөө өчүрүп, катаал көз караш пайда болгон. Эриндеринин каны качып, кайра-кайра төрөгөн келиндин аз кандуулугунан  кабар берет. Үстүнө салган кийимине көнүл кош көз жүгүрткөн Сезим үчүн халат менен халаттын айырмасы жок эле. Болгону өңдөрү эле алмашып турганы болбосо, айылдык келиндердин жумушчу формасына айланган халат анын көңүлүн кайдан көтөрсүн?

…Жаныбектин босогосун аттаганда ала качуунун курмандыгы жоошуп калган кези экен. Көзүнөн аккан жашы менен тери аралашып, далысын жапкан кундуз чачы саксайган, кирпиги узун, үлпүлдөк кыздын эси оогон түрү бар. Эбиреп-жебиреп, жанында отурган аялдарды айласы түгөнө карап, улам башына салган аппак жоолукту колу менен улам шыпырганы болбосо, башка каршылыгы да түгөнүптүр. Чоочун эмес, айылдашы Мунира. Ал дагы мектепте жакшы окуган зээндүүлүгү, окууга өз күчү менен өткөндүгүнөн кабардар.

Анын кебетеси Сезимдин кантип келин болуп келгенин эсине түшүрдү.

…Өзү чөптө болсо дагы, көңүлү көктөгү Нурбек жайдын толугунда айылындагы эң мыкты делген кызды алып качты.

Спорт менен машыгып жүргөн Сезимди машинеден түшүрө албай эле бир топко алышышты. Жаны кашайган кыз эч кимди аяп койгон жок, буудайды ордунан козгой албай тырмышкан кумурскалардай болгон жеңелерди кези келгенде бетке да, ичке да тээп, чымчып, колу-бутунун алы жетпесе түкүрүп да жиберип жатты. Баары бир көпчүлүк деген көпчүлүк да, акыры кызды топурай көшөгөгө алып киришти. Алы жетпей калганына көзү жеткен кыз акыры жалынганга өттү. Анысына кайдан кулак салышсын? Болгону бая Сезим тээп жиберип, эрди жарылып, калбайып чыккан жеңе гана мыскылдуу карап: – Бардыгыбыз тең эле ушинтип келгенбиз. Сенин эмнең бизден өйдө экен?,- дегени кулагына сайыла түштү…

…Кыз эшиктен жаңы кирген Сезимди үмүттүү карады. Анын тынчтанганына көзү жеткен аялдар жеңилдене дем алып, эшикке чыгып кетишкенде шашып-бушуп шыбырай сүйлөй баштады:

Эжекебей, өмүр бою карыз болоюн, мени эптеп бирдеме кылып качырыңызчы.

Окууга күнү-түнү даярданып араң өткөм. Японияга стажировкага бармакмын. Канча деген аракетим талаага кетет.Сиздин деле башыңыздан өтпөдү беле. Жаныбек да мага такыр жакпайт,- ыйламсырады.

Анын окуу тууралуу сүйлогонү Сезимдин жарасын козгоп жиберди. Эмнегедир анын кыялдарынын бырын-чырын чыкканына, өмүрүнүн кунарсыз өтүп жатканына ушул назик кыз күнөөлүүдөй, көңүлүнүн түпкүрүндө чөгүп жаткан жек көрүүсү көтөрүлүп, табалай үн катты:

  • Отурбай каякка барат элең. Кыздын барар жери күйөө. Баарыбыз эле ушинтип келгенбиз!

Боз ала болгон кызды кайрылып дагы бир карап койбостон, эшикти тарс жаба аяштарына кол кабыш кылганы чыккан Сезим күйгүлтүктүү, өчөшө күбүрөдү: “Окуйт имиш…”

Автор: Махабат Асан

Булак: selkinchek.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83