www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жанар Акаев: "Эмне үчүн каршы добуш бердим?"

Камчыбек Бостон 26-август 2017, 09:38

Саясат


Жанар Акаев: "Эмне үчүн каршы добуш бердим?"

Табиятыман ыргылжың позицияны жактырбайм. Парламент трибунасындагы талкууга даярданып отурдум эле, тилекке каршы, сөз берилбеди талкууга. Сапар Исаковго кымындай дагы жеке таарынычым жок, анын "реформатор жаштарына" да каршы эмесмин. Мен, муну менен өлкөбүздөгү соңку саясий куугунтуктарга, сын айткан медиаларды жабууга, саясатчылар жана журналисттер менен соттошууга, адилетсиздикке МАКУЛ эместигимди билдирдим. Же ошонун баарын дайыма айтып келатып, анан эле ошондой системаны кошо куруп жаткан "реформаторлорду" колдоп калышыбыз керекпи? Эл менен бийлик ортосунда ажырым чоңойду, парламент ичинде айрымдар өнүп-өсүү, эл турмушу тездик менен жакшырып жатканын улам айтып жатышат, бирок көчөдөгү реалдуу турмуш башкача болуп жатпайбы. Мектеп курду, жол курду ж.б. айтышты, аны жасабай анан жетекчилер эшек такалайбы? Же чын эле мамлекетибизде адилеттик орноп, социалдык абал жакшырып, тышкы карыз кемип, коррупция азайдыбы? Андай болсо айткылачы, кош колдоп добуш берип, алкап туруу колубуздан келбейби? Бизде улам эле реформаны улантабыз дешет, кайсы реформа биз көрбөй жаткан? Милицияны өзгөртүп, улам боштондукка чыгып жаткан криминалдын атасын таанытууга каражат деле кетпейт го. Акыйкаттык орнотууга каражат деле кетпейт го. Элдин ою менен эсептешүүгө каражат деле кетпейт го. Буларда саясий эрктин жок экени кашкайып көрүнүп турбайбы! Ушулар мекенибизди саздан чыгарчу "жаш реформаторлор" боло алабы? Таптакыр! Бир кишиге кулдук уруп, кемчилигин айтыштын ордуна, мактап жүрүп кызматтан кызматка жогорулашат. Ошон үчүн каршымын. Министрлердин баары негизги ишин унутуп, элдин жүгүн аркалоочу убактысын бийликтин талапкерине бөлүп, туулуп өскөн районунда шайлоо участокторунда иштеп жүрүшөт, элдин эсебинен айлык алып. Эмне ушул адилеттүүлүктү азыркы "жаш реформаторлор" билбейт дейсиңерби, өздөрү кошо чуркап жүрүшсө. Же мен эмне, бийликти ушулардай эле мактап, бизнес ачып, тууган-урук, дос чарды кошо байытуу колумдан келбейби, келет, абийир жол береби ошого? Элибиз али тандоо жасай элек, балким 15-октябрда башка талапкер утуп чыкса, бул өкмөт дагы отставкага кетет. Ошондуктан азыр техникалык өкмөт иштеп турса болмок, шайлоодон кийин ээрге бекем отурушса, ким кой демек. Же ошого чейинки бир жарым айда чукул реформалар жасалабы? Ушунун баарын ичинен көрүп-билип туруп каршы добуш бердим, анан эле майда сайттар аркылуу мокочо көрсөтүү башталганы кызык. Булардан айырмам, жалган менен күндө каралап жаткан сайт, гезиттерди сотко бермек турсун, жемелеп отуруунун өзүн туура көрбөйм. Эл жүгүн аркалайм деп баш ургандан кийин, чыдаш керек, чыдабасаң үйдө отур. Бизде нагыз парламентаризм, ой-пикир, идеалардын талашы орношуна дагы 5-10 жыл бар окшойт. Сөзүм курук болбосун, мындан ары жаңы өкмөт башчыга нагыз реформа тууралуу ачык сунуштарды берип турам, аткарса боло турган, эмки жумадан баштап аны көрөсүңөр. Аткара алса, ошондо мактайын.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83