www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандык келин күйөөсүнөн калың ордуна 1372 дарак отургузуусун сунуштаган.

Камчыбек Бостон 26-август 2017, 11:57

Дүйнө жүзүндө Коом


Ирандык келин күйөөсүнөн калың ордуна 1372 дарак отургузуусун сунуштаган.

Ирандын батыш Илам провинциясындагы бир жаңы келин күйөөсүн “махр” (калың) төлөөнүн ордуна 1372 дарак тигүүсүн сунуштаган,- деп жазат Tehran Times гезити. Махр Иранда үйлөнүү келишиминде расмий түрдө жазылат. Махр бул - күйөөсү жубайына үйлөнөөрдө сөз берген милдеттүү түрдөгү нерсе. Махрды келин каалагандай белгилейт; ал акча, кымбат баалуу буюмдар, үй эмереги, участок же зыярат сапарлары болушу мүмкүн.

Канчалык махр чоң суммада болбосун, аны кабыл алган күйөөсү келинге төлөп берүүгө (шарыят жана мыйзам боюнча) милдеттүү. Бирок, Иламдын жаш тургуну ислам чөйрөсүндө кабыл алынып калган эрежелерден айрымаланып, күйөөсүнөн акчалай махр алуунун ордуна 1372 дарак отургузуусун каалаган. Анын бул санды тандаганынын себеби, келиндин туулган күнү Ирандын күн календары боюнча ушул жылга (1993-ж) туш келген,-деп жазган “Иран Бүгүн” маалыматы.

Белгилей кетсек, Иранда акыркы жылдардагы ысык аба ырайына байланыштуу айлана чөйрөдөгү бак- дарак, өсүмдүктөргө терс таасирин тийгизбей койгон эмес. Учурда Ирандын бардык провинцияларында ушуга окшош экологиялык кыйынчылыктарга туштугушууда. Ушу себептүү айрым жашоочулар бул маселелерди чечүүдө ишти өз колдоруна алышып, жашыл айлананы сактап калууга аракет жасашууда

Булак: ca-irnews.com


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83