www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таирбек Ерматов: "Кыргыз азыр кызын бакпай калдыбы?"

Камчыбек Бостон 26-август 2017, 23:10

Маданият


Таирбек Ерматов: "Кыргыз азыр кызын бакпай калдыбы?"

Кыргыз азыр, кызын бакпай калдыбы.
Кыргыз азыр, кызын барктай алдыбы.
Аял затын бийик койгон кыргыздын.
Ата - салты, алыстарда калдыбы.

Кимдин кызы, кыргыз кызы тентиген.
Кимдин кызын, азап - тозок ээрчиген.
Кыз келиндин, коргой албай намысын.
Эркетердин, барк кеткенби эркинен.

Кимдин кызы сойку болуп нан табат.
Кимдин кызы, кул - күң болуп жан багат.
Мына ушуга, жол берет да эркектер.
Кыз келиндер, бузулду деп таң калат.

Кайсы элден, жүдөө көрсөң зайыпты.
Ошол элдин, эрине кой айыпты.
Азыр мени, жаман көрөөр эркектер.
Бар чындыкты, айтып койсом айыпбы.

Кимдин кызы, күйүп жатат күл болуп.
Жарык таңы, жарык күнү түн болуп.
Биз эркектер, бир эркектей болгондо.
Булар деле, жүрбөй беле гүл болуп.

Ана азыр, эркектерде так талаш.
Ана эркек, бийлик үчүн жан талаш.
А кыздарың, жүрө берсин кордолуп.
Бийликтеги бүт баарыңар маңка баш.

Мына баары, так талашып жүрүшөт.
Булар жалаң, пулду гана билишет.
Кыз келинди, коргойм деген бирөө жок.
Жалаң майлуу, орун үчүн күйүшөт.

Кимдин кызы, сыртта жүрөт кор болуп.
Оор жумуш, тамандары чор болуп.
Мына ушулар, азап тартып жүргөндө.
Биз жүрөбүз, эркекмин деп зор болуп.

Ооба, мен да заман бул деп актанам.
Баралыма, сөз жолотпой сактанам.
Бирок кыргыз, кызы жүрсө кор болуп.
Кайсы арыма, эркекмин деп мактанам.

Кана ким бар, ким сөзүмдү ката дейт.
Түшүнбөгөн маңка тата - пата дейт.
Эй эркектер, аздектейли кыздарды.
Бизди жигит, эркек, калкан ата дейт.

Кимдин кызы бүлөө багат? кыргыздын.
Туура да ээ? өзүм деле кыргызмын.
Көп эркектер, жанды багып жүрөбүз.
Маашырланып, тапканына бир кыздын.

Чындык ачуу, оор тийет билемин.
Эмне кылам, ооруп жүрөт жүрөгүм.
Кыз келиндер корголбосо өзүмдү.
Кайсы арыма эркекмин деп жүрөмүн.

Болду жетет, эми эске келели.
Аял үчүн, көктөн жылдыз терели.
Аялдардын ханышалык, назиктик,
тазалыгын, кайра кайрып берели.

Бул ырыма, ким түшүнсө кубанам.
Көкүрөктө, дил сүйүнүп куп анан.
Биз эркектер, жолдон тайдык бир азга.
Оо сулуулар, кечиргиле суранам.

Автор: Таирбек Ерматов

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83