www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта ат сүйрөп кеткен 9 жаштагы баланын эки колу, башы үзүлүп каза болду

Камчыбек Бостон 28-август 2017, 14:17

Кылмыш жана кырсык


Сузакта ат сүйрөп кеткен 9 жаштагы баланын эки колу, башы үзүлүп каза болду


Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Ак-Терек айылында 9 жаштагы баланы ат сүйрөп кетип, эки колу, башы үзүлүп каза болду. Айылдаштарынан алынган маалыматка караганда, окуя 25-август күнү болгон.
Быйыл 3-класска барууга даярданып жаткан М.Эрбол апасы жана бир туугандары менен бирге отун тергени чыккан. Бала апасынан обочороок жерде ат минип, отун өңөрөйүн деп жатканда ат үркүп кеткен. Баланын буту үзөңгүгө илинип калгандыктан аттан түшүп кете алган эмес. Үркүгөн ат талаада жүргөн адамдарга карматпай, айылга чейин барган. Акыры атты айылдагы мал сарайдан кармашып, баланы чечип алышкан.
«Бала асылып калгандыктан ат айылга чейин тепкилеп келген. Окуучунун эки колу менен башы үзүлүп кетиптир. Жакындары баланын колун, башын чогултуп жерге беришти», - дешти жергиликтүүлөр.
Бул маалыматты Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү да тастыкташты. Айыл өкмөттөн алынган маалыматка караганда, окуучу К.Абдраимов атындагы мектепте билим алып жаткан.
Эрбол үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу болчу.

Булак: turmush.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83