www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Икрам Илмиянов: "Көкпардан жеңилгенибизге өкүнбөйбүз"

Камчыбек Бостон 28-август 2017, 15:10

Спорт Коом


Икрам Илмиянов: "Көкпардан жеңилгенибизге өкүнбөйбүз"

Астанада көкпар боюнча өткөн дүйнө чемпионатында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курамасы экинчи орунду алып калышы өкүнүчтүү эмес. Мындай пикирин өлкөнүн Көк бөрү федерациясынын президенти Икрам Илмиянов "Азаттык" радиосунун казак кызматына комментарий берип жатып айтты:

- Утулбай жүргөн команда же спортчу аз. Казактардын көкпар оюнунун эрежелери биздин көк бөрүдөн башкача болгонуна карабай, бул дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандыктар чеберчилигин көрсөтүштү. Максат орун алууда эмес, максат чеберчиликте. Оюнга катышуу өзү жеңиш. Айтылып жаткан божомол, калп сөздөрдүн баарына ар бир оюнчу кудайдын астында колдон келген чеберчилигин көрсөттү. Жеңиш казак туугандарда. Биз ага өкүнбөйбүз. Кудай буйруса, биздин команда жеңишке жетти деген ойдомун.

Астанадагы көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугунун финалында Казакстан менен Кыргызстан 27-августта беттешип, казактар 4:1 эсебинде жеңип алган.

Булак: azattyk.org


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83