www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айгерим Токтоналиева: "Жалгыздык"

Камчыбек Бостон 03-сентябрь 2017, 15:32

Илим


Айгерим Токтоналиева: "Жалгыздык"

Апа , мен,  таптым аны жоготтум бат, кайра кайттым жалгыздыкка.Табышуу,  ажырашуу болгон адат, Табалуу сыноо сүйрөп алсыздыкка. Апа, мен,  сиздин жытты сагынгандай, Жыт алып издейм, жыттайм туш тарабым. Жалдырып жаратканга сүйүүм үчүн, Жазыксыз, жазаларым болду арбын. Мени апа, сооротпочу, алдабачы, Мезгилдин агымдары даба дебе. Ыйлайын, жер безейин кармабачы, Ырас де, сооп болот, чала деле... Анткени,  безүү, кечүү өтө жеңил, Аргаң жок кадаа күтүп калганчакты. Кекчилдик, текеберлик, жалгыздыктан,  Кечирип сүйүүгө  кол созгон  жакшы. Сагынып санаа тартып калганчакты, Сан ойду сезим бийлеп турган  жакшы.

Автор: Айгерим Токтоналиева

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83