Перизат Кутманалиева 31-август 2017, 16:23
Байыркы Римдеги таң калычтуу гигиеналык эрежелер
Гигиенанын тарыхы таш доорунун дарыгери өзүнүн скальпелин бир жулум чөп менен арчып койгондон тарта башталган.Бул макалада биз сиздерге азыркы учурда бизге өөн учураган гигиенанын эрежелери менен тааныштырабыз.
Антикалык гигиенанын эрежелери
Заманбап гигиена байыркы Римде пайда болгон деп эсептейт тарыхчылар.Бирок мончонун жана суу түтүкчулөрүнүн мекенинде да таң калычтуу гигиеналык эрежелер болгон.
1.Байыркы рим жашоочулары чычкандын кургатылган мээсин тиш пастасы ордуна колдонушкан.Мындан сырткары чычкандын куйкаланган башынын күлү менен тиштердин бүлүлөрүн сүртүшкөн,ал тиштин каноосун токтотот деп эсептешкен.
2.Жаштардын арасында косметикалык каражаттар колдонулчу эмес.Бул нерсени жашы өтүп калган аялдар гана колдонушкан.Алар беттерине пудра коюшкан.
3.Эркектер жана аялдар өзүлөрүнүн денесине кремдерди сүйкөп кам көрүшкөн.Алар сүттөн,плацентадан,кыктан жана жаныбарлардын ички органдарынан жасалган.
4.Азыркы тил менен айтканда дененин кайсы бир мүчөсүн депиляция кылуу мурда эле бар болгон.Депиляция кылуучу зат жарганаттын мээсинен жана канынан,кирпинин күлүнөн даярдалган.
5.Майрамдар Байыркы Римде саатап,ал тургай суткалап уланган.Бул арада дасторконго коюулган баардык даамдарды жеш үчүн.Алар өзүлөрүн мажбурлап кузушкан.
6.Ажатканага баруу бир жыйынга баргандай сезим калтырган.Таштан жасалган унитаздарга отурушуп саясат,коом жөнүндө кеңири талкууларды кылышкан.
Булак: "oilon.kg"
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!