www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самара Каримова Сизге суроо...

Гүлжан Шерипбаева 31-август 2017, 17:16

Маданият


Самара Каримова Сизге суроо...

30-августта өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдинжарлыгы менен бир катар маданият кызматкерлерине мамлекеттик наамдар ыйгарылды. Алардын катарында 26 жаштагы ырчы Самара Каримова эң жаш "Эмгек сиңирген артист" аталды. Ырчыны сыйлык алышы менен куттуктап, байланышка чыксак, SUPER.KGпорталына буларды билдирди:

"Кечээ туугандар менен кудага барганбыз. Бул жаңылыкты да ошол жерден уктум. Алгач ишенбей, толкунданып көпкө чейин өзүмө келе албай турдум. Кубанычтын көз жашы агып, алгач эле атама чалып сүйүнчүлөдүм. Ал катуу толкунданып кеткендиктен кан басымы көтөрүлүп кетиптир. Андан соң конокто отурган туугандарым, тааныш-билиштерим жана социалдык тармактагы досторум куттуктап башташты", - деди ал.

Ал эми айрым интернет колдонуучулар улуу инсандар наам ала электе жаштардын сыйланышына карата түрдүү сын-пикирлерди айтып жаткандыктан "Бул наамга өзүңүздү татыктуумун деп ойлойсузбу?" деген суроо узатып, төмөнкүдөй жооп алдык.

"Учурда мамлекет жаштарды колдоого алууда. Мен соңку жылдары талыкпай абдан катуу иштедим. Муну мен эле эмес, мени байкап-баамдап жүргөндөрдүн баары айтууда. Өзүм татыктуумунбу жокпу айта албайм, эгер татыксыз болсом мындан ары да изденип, эмгегимди сиңиргенге болгон аракетимди жумшайм. Ал эми эл ичинде мага карата жылуу пикирлер, куттуктоо сөздөрү гана айтылганына күбө болуп жатам. Анчалык деле нааразычылык байкаган жокмун", - дейт ырчы.

-деген пикирин Самара айым Кыргызстандагы атактуу Супер.кж  http://www.super.kg/kabar/news/200211/ порталына билдирген.

Самара айым, Сизге суроо: -Мамлекеттик сыйлык алаардан мурда атайын тийиштүү ырастамаларды бересиң Сизден алган жокпу? 

-Кубанычтын көз жашы кантип акты? 

-Өзүңүздүн калемиңизге таандык ырыңыз же обонуңуз барбы?

-Угушубузга караганда тойлорго 1000 доллардан барат экенсиз, тойлорго канча сомдон барып ырдайсыз?

-Чын эле кандайча элге эмгек сиңирдим деп ойлойсуз?

-Жакында эле бирөөнүн нике көйнөгүн сатып алыптырсыз, жашыруун болбсо канча долларга сатып алдыңыз?

Биз Сизден жооп күтөбүз. Баса, ала турган сыйлыгыңыз кут болсун. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83