www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада теракт уюштуруу аракетин көргөн Өзбек жараны кармалды

Камчыбек Бостон 02-сентябрь 2017, 14:17

Кылмыш жана кырсык


Москвада теракт уюштуруу аракетин көргөн Өзбек жараны кармалды

Москвада теракт уюштуруу аракетин көргөн Өзбек жараны кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Муродбек Кодиров аттуу Өзбекстандын жараны 1-сентябрда теракт уюштуруу аракетин көргөн. Ал эл көп чогулган жерде жардыруу уюштурмак болгон. Анын "Ислам мамлекети" тобунун активдүү мүчөсү экендигин, ага аталган топ жардырууну уюштуруу көрсөтмөсүн бергенин прокурор айтып чыккан.
Кодиров Москвада 2017-жылдын март айынан бери жашап, иштеп келген. Анын жубайы жана балдары мекенинде калышкан. Кармалган жаран 31-октябрга чейин тергөө абагына камакка алынды деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83