www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүр өтөрдөгү өкүнүчтөр

Камчыбек Бостон 03-сентябрь 2017, 21:19

Маданият Коом


Өмүр өтөрдөгү өкүнүчтөр

Өмүр өтөрдөгү өкүнүчтөр же ажал келгенде адамдар эмнени арман кылышат? Атайын изилдөөчүлөр топтору өнүккөн, өнүгүп келаткан жана артта калган баары биригип 20 өлкөдө өмүрүнүн өтөрүнө аз калганда адам баласы негизинен эң көп эмнеге өкүнөрүн топтоп жаздырып чыгышты. Ичер суусу бүтүп, күнү жакындап калган бейтаптардан ж.б. кырсык чалгандардан жана башка түрдүү себептерден улам өлүм оозунда жаткандардан өз ыктыяры менен айтып беришин суранып көрүшкөндө эң көп ичинен өкүнгөндөрү, армандары төмөнкүдөй болуп чыккан.

Канча мүмкүнчүлүк болсо да жер кыдырбаганына, эл аралап өтө аз жүргөнүнө  көп өкүнөт. Бекеринен “атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны” деп айтылбаса керек. Жашоо ырахаттарынын бирөөсү түрдүү маданияттарды үйрөнүп, түшүнүктү кеңейтүү экендигин адам карыганда аңдайт окшойт.

Бир эки чет тилин үйрөнүп албаганына да адам баласы сөзсүз өкүнөт. Өзүн келесоо деп эсептебесе да, заман менен тең кетпей көп нерседен бир топ эле артта калгандыгын мойнуна алат.

Кимдир бирөөгө өчөшүп, болбогон нерседен улам, жаман көрүп сүйлөшпөй жүз карашпай жүргөнүнө да өмүр бүткөнү калганда кайгырып калат. Муну өтө кеч түшүнгөнү канчалык өкүнүчтүү.

Аз күлгөнүн, көп кыжалат болуп жүрүп бат картайып кеткенин да ичер суусу аз калганда аңдап биле баштайт. Кыжалатчылык физиономияны да бузуп бырыш басып кеткенин улгая баштаганда сезе баштайт.

Өзү сүйгөн, баалап урматтаган чыгармачыл инсанга канча шанс болсо да же атайын чыгынып жолугуп чер жазып маек курбаганына өкүнөт. Айрымы жакын жерде жашаса да, алыста болсо да эми барып жолукмакмын деп калат. Бирок баары кеч болуп калат.
Өзү жактырган, каалаган нерсени ЭЛ ЭМНЕ ДЕЙТ деп коркуп жасабай койгондоруна кайгырат. Чындыгында элдин баары сөз кыла тургандай сезим жаштыкта гана пайда болорун, чындыгында ага деле татыбашын, лидерлер жана улуу инсандарда дал ушул коркоктук, мажирөөлүк жок экендигин жашоо бүтөр алдында билет.

Спорт менен машыкпаганын, аз кыймылдаганын өтө кеч билип, дени сактык кыймылдуулукта экендигин жаштыгында жана улгая баштаганда көп угуп, билгени менен чындыгында олуттуу албагандыгын күнү бүтө баштаганда түшүнө баштайт жана ар убак сергек жашоо образында жашабагандыгына өкүнөт.

Бирөөнүн жерлигине, жашына, жынысына, иштеген жерине же коомдогу ордуна өтө бир тараптуу карап, бат терс жыйынтык чыгарып жүргөнүнө ичтен сыздап өкүнүү – карылыктагы болуп жүргөн адаттагы көрүнүш.

Мектепте же ЖОЖдо жетишээрлик жакшы окубагандыгына, андан ары илимдин бир тармагына, коомдук өнүгүүгө эч салым кошо албай тиричилик менен алпурушуп жүргөнүнө өкүнөт.

Өзүнө жакпаган бир кызматта көп убакыт кетирип, ал кызматты таштай албай, таштаса көчөдө кала тургандай коркоктугуна, чечкинсиздигине, куру намыска алдырып жүргөнүнө өкүнөт. Жашоодо күтүлбөгөн жагымдуу белектер да толтура экендигин таптакыр өлөр алдында астейдил ой жүгүртүп калганда гана байкай баштайт. Cүйүп жасабаган ишти жасоо – убакытты текке гана кетирүү!

Жашоого ыраазы болуп, ар бир күнүнөн, минутасынан ырахат алып жашагандын ордуна көбүнчө наалып, нааразы болгонуна өлүм алдында эстеп катуу уялат. Бар нерселерине канаат кылбай, жок нерселерди издеп, аларга ээ болсо да дагы көбүрөөгүн, чоңураагын каалап напсинин кулу болуп жашап өткөнүн да эстеп ичинен тызылдайт.

Ата-энесин же ага күйгөн улуу адамдарды укпаганына, кеңешпей иш кылгандыгына да өкүнөт. Бир келген жашоодо ар убак өзүм билемдикке сала берүү акылсыздык экендигин өтө кеч билип калат.

Жаштыкта көп убакытты баалабай бекер өткөрүп жибергенине, өмүр өтө узак көрүнүп көп нерсеге акылы жетип турса да, мойну жар бербей жалкоолукка көнүп калып, көзгө көрүнө турган, сыймыктана турган бир жумуш жасабаганына сөзсүз өкүнөт!

Кыялдарын ишке ашырууга арекет кылбаганына, жашоонун маңызы кыялдарды ишке ашырып, ырахат алууда экендигин өтө кеч түшүнөт.

Зарыл иштери болсо да, көңүл деп көп убактысын башкалар үчүн арнап өткөргөнүн, сыртынан сыр бербей калп жылмайып, аны да өзүн да көп алдаганын өкүнүү менен эстейт.

Жакшылыкты өтө аз кылгандыгын эстеп бүт өткөн өмүрүндө башкаларга жасаган аз гана жакшылыктарын эсептөө менен акыркы күндөрүн өткөрөт.

Тишине дээрлик көңүл бурбаганына, карыганда алардан ажырап, эч нерсе жей албай калгандыгына бир муздак же ысык нерсе ичип жеп бүт тиштерин улгайганга чейин эле өзү бузуп алгандыгын ойлоп, буга да өкүнөт. Кары-картаңдардын 15 айрым өлкөлөрдө 20% гана тиштери тиштеп-тартып бир нерсе жеп чайнай алууга жөндөмдүү болот.

Чоң ата-чоң энесинен алардын тирүү кезинде көп нерсе (турмуштук тажрыйба, санжыра, тарых, кимдин ким экендигин ж.б.) сурап калбоо да катуу өкүнүчтөрдүн бирөөсү болуп саналат.
Көңүл ачуу менен иштөөгө убакытты туура бөлүштүрбөй, көп убактысын тиричиликке арнап, иш деп эле убакытты өткөрүп жибергенине да өкүнөөрү бышык.

Чектен чыгып баратканын да билсе да, көп жерде эмоцияга алдырып жакшы нерселерди жана мамилелерди талкалап алгандыгына өкүнөт.

Тобокел иш кылбаганына, чоң өзгөрүүлөрдү жасай албагандыгына, өзүн өзгөртүүдөн жана жаңылоодон корккондугуна да карып картайып калганда өкүнө тургандыгы демейдеги көрүнүш.

Көп кыжалат болуп, керексиз нерселерге ден соолугун жеп алгандыгына, саламаттыгына ошондой эле руханий байлыкка маани бербегендигине, өзү менен өзү калып тынчтыкта эс алууга аз убакыт бөлбөгөнү карыганда зыяны гана тие тургандыгын билгенде өкүнөт.

Өзү жакшы көргөн эң кымбат адамдар менен жетишсиз чогуу болгондугу чоң өкүнүчтөрдүн бирине айланат.

Жаштыгындагы талантын андан ары улантып өстүрбөй таштап салганына, бир жолу болсо да эл алдында, сахнада эч нерсе аткарбаганы, ачылып чачылып албагандыгы, тартынып жүрө бергендиги жогоруда берилген өкүнүчтөрдүн катарын толуктайт.

Топтогон жана кыргызчалаган Жыргалбек Ажиматов. 

Булак: ajimatov.com


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83