www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ-Идирис Айитбаев Өзбек президенти белек кылган 3 бөлмөлүү батир менен унаанын ачкычын алды

Камчыбек Бостон 09-сентябрь 2017, 09:46

Маданият


СҮРӨТ-Идирис Айитбаев Өзбек президенти белек кылган 3 бөлмөлүү батир менен унаанын ачкычын алды

Кыргыз төкмө акыны Идрис Айитбаевге Өзбекстандын президенти белек кылган «Шевроле Малибу» автоунаасы менен 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын Андижан облусунун акими Ш.Абдурахманов расмий түрдө тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Белекти тапшыруу аземи Андижан шаарында кечээ, 7-сентябрда өттү. Белек кылынган 3 бөлмөлүү батир Андижан шаарында жайгашкан. 

Идрис Айитбаев өзбек лидеринин Кыргызстанга 5-6-сентябрда болгон иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн президенттери катышкан чоң салтанатта өнөрүн тартуулаган. Анын талантына күбө болуп, ырынын маанисин тыңшаган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки элдин ынтымагына кошкон салымы үчүн унаа жана турак үй белек кыла турганын айтканы маалым болгон.

Төкмө акын Өзбекстандык кыргыздардан. Бир нече жылдан бери Ош шаарында жашайт. Идрис акын Андижанда жашаган ата-энесин 5 жыл көрбөй жүргөнүн белгиледи.

«Мен Өзбек президенти менен президентибиз Алмазбек Атамбаевге ырдап бердим. Эки президент тең ыраазычылыгын билдиришти. Өзбекстандык кыргыз болгондуктан эки элдин достугу үчүн ырдап келем. Чек арадагы көйгөйлөрдү төкмөлүк менен жеткирдим деп ойлойм. Мен үчүн белек башкы орунда эмес. Достук мамиле бекемделип, президенттер ыраазы болсо мага чоң жеңиш болду. Белек бергендик да жоомарттык. Ата-энем Өзбекстанда жашашат. Аларды 5 жылдан бери көрө элек болчумун. Ушул жылы кыргыз делегациясы менен Өзбекстанга барганда көрүп келдим», - деди төкмө акын.

И.Айитбаев англис тилчи мугалим. Учурда кыргыз, орус, өзбек, англис жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Төкмө акын жубайы менен бирге 3 кызга тарбия берип жатышат.

«Сыйлык меники болгону менен, сыймык элдики болот. Бизди эл гана даңазалап турат. Президентибиз Алмаз Шаршеновичтин мага болгон ыраазычылыгын жана ошол жердеги кубанычын көрүп башым асманга жетти. Бооруна кысып, "ата-энеңе рахмат, бизди аябай кубанттың" дегени азыр да кулагымдан кетпей жаңырып турат. Ошол эле учурда коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мираманович ордунан тура калып, жардамчыларына мен үчүн белек кылып бир унаа жана Андижандан үй берилсин деп тапшырганы өмүрү эл алдында толкундабаган денемди калтырата салды. Ал учурдагы кубанычты тажрыйбасыз акындык өнөр менен да сүрөттөп бере албайм. Мен ал жерде элдин суранычын айтып, көз алдына элдин арманын ыр менен чагылдырууга аракет кылдым. Эки элдин, өзгөчө коңшу өлкөлөрдүн достугуна жакшылап көңүл буруу абдан маанилүү экенин даңазалап ырдадым», - деди төкмө акын.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83