Чынайым Кутманалиева 10-февраль 2017, 23:31
Башкы прокуратура Максим Бакиевдики деген жердин сатылып кетишине жол ачкан Бишкектин Мамлекеттик каттоо мекемесинин чечимдерине байланыштуу кылмыш иш козгоду. Иш Кылмыш кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315 (кызматтык будамайлоо), 326 (далилдерди бурмалоо) жана 350 (жасалма документ чыгаруу) беренелеринин негизинде козголгонун бүгүн Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Тергөөнү Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат жүргүзөт.
Башкы көзөмөл органынын белгилешинче, каттоо органдары камакта турган жердин бошотулуп, кийин сатылып кетишине мүмкүнчүлүк ачкан.
Буга байланыштуу Башкы прокуратура кечээ, 9-февралда премьер-министр Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Сарпашевди иштен алууну сунуштаган.
Өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн "Тайырбек Сарпашевдин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кызматында туруу мүмкүндүгү боюнча чечим маселе тийиштүү тартипте иликтенген соң кабыл алынат" деген билдирүү таратты.(RK)
Максим Бакиевдин жерине курулду деген коттедждер, Бишкек

Булак: "azattyk.kg"
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!