Жазгүл Урманбетова 18-сентябрь 2017, 11:35
Россиянын президенти Владимир Путин өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу кечээ, 17-сентябрда мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдирди.
Куттуктоо телеграммасында Атамбаевдин президенттиги маалында Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана өлкөнүн эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөдө кыргыз элинин кадыр-барк топтоого жетишкени баса белгиленген.
"Россия сиздин стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана ЕАЭБ, ЖККУ сыяктуу көп таратуу кызматтыштыкты өрчүтүүгө кошкон салымыңызды өзгөчө баалайт. Урматтуу Алмазбек Шаршенович, сизге бекем ден соолук, бакыт, эсенчилик жана ийгиликтерди каалайм!" -деп жазылат куттуктоо телеграммасында.
Мындан тышкары, мамлекет башчынын бүгүнкү туулган күнү менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко, Өзбекстандын президент Шавкат Мирзиёев дагы куттукташты.
Булак: 5news.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!