www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бердибек Жамгырчиев: "Кыргыз кыздары"

Камчыбек Бостон 24-сентябрь 2017, 08:55

Маданият


Бердибек Жамгырчиев: "Кыргыз кыздары"

Жүздөрүнө жылдыз толуп, ай баткан,
Жүрөк сырын көздөрүнө кайнаткан.
Тоо гүлүндөй топ-топ болуп көрктөнгөн,
Биздин кыздар келген деги кай жактан..?

Кыргыз кызга шамал жетпейт камчылап,
Кыргыз кызды жамгыр күтөт тамчылап.
Сүйбөгөндө «Күн» берсең да карашпайт,
Сүйлөгөндө тилдеринен чаң чыгат.

Бойго жетип бышкан кезде алмадай,
Карап гана тургуң келет кармабай.
Көзүң өтүп, сөзүң өтпөй кээ кезде,
Көңүлүңдө үшкүрөсүң, арман ай…

Көп сырымды сууруп чыгып айта элек,
Интернеттен кат жазышат байкелеп.
Бүткөн боюм бүчүр байлап ошондо,
Мен өзүмдү сезип калам байтерек.

Кыргыз кызды орус сүйөт көзү көк,
Кыргыз кыз деп ооруп жүрөт өзбек.
Кыргыз кызын айтып бүтпөйт казактар,
Ширкин дүйнө, ак куулардын өзү деп.

Муңга батып, чекесинен шор тамып,
Мууну бошоп, жаны кейип, кол талып.
Кыргыз кызга жага алышпай кытайлар,
Аргасы жок бизде жүрөт жол салып.

Кыргыз кыз деп мурду акса күрттөрдүн,
Алардан да ашып түшкөн журт көрдүм.
Акылдары токтоп биздин кыздарга,
Сакалдары өсүп кетти түрктөрдүн.

Жолукканда жоодурашып, жазып чер,
Жоогазындай биздин сулуу назиктер.
Бери өталбай бир көрүүгө зар болуп,
Чек арага кол салууда тажиктер.

Дагы кандай сөз айтмакмын мен бөлөк,
Дал ушинтип көп улуттар сенделет.
Кайратына таш эриткен бир гана,
Кыргыз кызга кыргыз жигит тең келет.

Кыргыз жигит кыргыз кызга эң керек!!!

Автов: Бердибек Жамгырчиев

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83