www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ ТАКТЫК - Дайырбек Орунбеков: “Жээнбеков жөнөкөй, дилинде тазалыгы бар, элге жакын инсан!”

Гүлжан Шерипбаева 27-сентябрь 2017, 14:41

Саясат


ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ ТАКТЫК - Дайырбек Орунбеков: “Жээнбеков жөнөкөй, дилинде тазалыгы бар, элге жакын инсан!”

Туугандар жакында шайлоо. Элге кызмат кылам деген талапкерлерди жамандап, каралабай эле, добуш берүү күнү жүрөгүбүздү угуп, тандап алалычы? Кошуна Казактарда, Өзбектерде, Тажиктерде шайлоолор өтөт. Алар, бизчелик чукулашпай эле, татыктуусун тандап, тыпыйып эле отуруп калышат.

1.Өмүрбек Бабанов – кризис менеджер, ойлоп табуучу, жаратуучу, мыкты экономист, жаӊы көз караштагы муундун өкүлү. Өзгөрүп жаткан технологиялар, жаӊы ачылыштардан жакшы кабары, түшүнүгү бар талапкер. Өзү айткандай “Алдыга Жол!”,-деген урааны менен элди алдыга тартып кетүүгө кудурети, акыл-күчү жетет!

2.Сооронбай Жээнбеков – карапайым, элге жакын жөнөкөй инсан. Дилинде тазалыгы бар, Кудайга жакын талапкер. “Кыргыз көчүн улап” бейпилдикти камсыз кыла алат. Бейпил жашоо өнүгүүгө шарт түзүп берет.

3.Адахан Мадумаров – саясатта көзү каныгып, такшалган, саясатчы деген талапка толук жооп берген, чечендиги менен акылмандыгы айкалышкан, мамлекет түзүлүшү тууралуу оюу бийик талапкер. Калыстыгы, тактыгы жана тазалыгы бар!

4.Улукбек Кочкоров – Кыска убакытта тазалыгы, адилеттүүлүгү менен таанылган, таскагы катуу чыгып келе жаткан, келечекте көптү үмүттөндүргөн талапкер.

5.Азимбек Бекназаров – Революциялардын бульдезору атка татып, эки жолку элдик төӊкөрүштө салмагы бар саясатчы.

6.Талатбек Масадыков – тууралуу жакшы билбейм.

7.Арстанбек Алай – бул уникалдуу талапкер. Эгер аны шайлап алсак, кыргыздар эмес, бүтүндөй адам затына көч баштап, башка планеталардан келген коноктор менен кобурашып, чогуу өнүгүүгө шарт түзөм деп жатат. Мунун эмнеси жаман? Анан калса быйыл суук болот деп атышат, балким өтүп кетсе, анда кыштын каарын кайтарып, жайды алып келип бериши мүмкүн.

8.Темир Сариев – саясатта бышкан, экономиканы түшүнгөн, тартипти бекем карбай ала турган талапкер.

9.Токтайым Үмөталиева – талапкер болгондон тажабаган өжөр эже. Ушунча жолу талапкер болду, башкаӊар уялып, ушул эжеге деле бере турсаӊар болмок

10.Арсланбек Малиев – көп маалыматым жок, Лев Толстойдо жумуш издеп турган элден кабар алып, барып жолугушуп абалын сурап жатат. Бул дагы чоӊ иш.

11.Бакыт Төрөбаев жаӊыланууну, алдыга жолду тандап Бабанов менен кошулса, Камчыбек Ташиев кыргыз көчүн Сооронбай Жээнбеков менен чогуу уламай болушту. Экөө тагы коомдо орду бар, салмактуу саясатчылар. Кыскасы баары теӊ кыргыздын уул-кыздары, элди ойлогон азаматтар.

Алар дагы сиздер сыяктуу мекенди сүйөт, элди ойлоп, мамлекетке салым кошсом деген журтташтарыбыз. Алардын дагы мекенге сүйүүсү, сезими таза. Алар дагы өнүккөн мамлекетте жашагысы келгендер. Келгиле ызылдабай шайлоо күнү унчукпай барып эле татыктуусун тандап алабыз!

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83