Жазгүл Урманбетова 27-сентябрь 2017, 15:46
Бүгүн белгилүү саясатчы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевдин туулган күнү. Камчыбек Ташиев 1968-жылы 27-сентябрда Жалал-Абад облусунун Барпы айылында туулган. Томск мамлекеттик университети менен Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.
Эмгек жолу:
Камчыбек Ташиевдин 2013-жылы парламенттин темир торунун секиргени элдин эсинде калган. Ал эми 2015-жылы "Өнүгүү — Прогресс" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Абдыманап Абдыбахаповду сабады делип, БШК анын талапкерлигин алып салган. Андан сырткары, мушташ боюнча бейбашчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жакында эле ал өзүнүн президенттикке талапкерлигин алып салган.
Ошентип, Камчыбек Кыдыршаевичтин 49 жашка чыгып жатканы менен Сооронбай Жээнбеков өзү куттуктап, ак калпагын жана ак чепкенин кийгизгени турат!
Белгилүү саясатчыны да биздин чыгармачыл жамаат чын жүрөктөн куттуктайт. Бекем ден соолук, ишиңизге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!