www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 91-театралдык сезонун ачат

Перизат Кутманалиева 27-сентябрь 2017, 17:34

Маданият Коом


Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 91-театралдык сезонун ачат

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук Академиялык драма театры 2017-жылдын 3-октябрында  91-театралдык сезонун ачат. Сезон Ж.Садыковдун "Манастын уулу Семетей" спектакли менен ачылып, мындан ары театрда күн сайын спектаклдер коюлуп турмакчы. «Манастын уулу Семетей» - тарыхый драма. Элдик эпосубуздун негизинде жазылып-коюлган бул пьеса  бардык муундагы адамдарга, айрыкча жаштарга хрестоматиялык негизде көрүүгө зарыл чыгарма. Окуя - Семетейдин төрөлүшү менен башталып, андан кийин, анын бөтөн жерде эр жетип, кайрадан ата туурун издеп келгени, элин-элдеп, жерин жердегени менен аяктайт. Ата ордун баскан эр-азамат, элин-жерин коргоп, көптөгөн эрдиктерге  баш  койгон  даңазалуу  баатырлардан  болот.

Пьесаны жазган – Жалил Садыков. 

Жооптуу коюучу режиссер – Эгемберди Бекболиев.

Ролдордо: Семетей – Э.Осмонов, Атакан уулу Канболот, Бакай – Ч.Думанаев, Т.Сманбеков, Чыйырды – Ж.Жумалиева, А.Сыдыгалиева, Каныкей – Т.Абдразаева, А.Имашева, Р.Орозова, Жакып – Т.Актанов, Сарытаз – К.Сарыбаев, Абыке – А.Качкынбаев, Көбөш – Ж.Сманов, Ж.Касейинов, Ысмайыл – А.Мурадилаев, Тазбаймат – К.Абылов, Э.Эгембердиев, Кишимжан – Ж.Барманова, М.Асанбекова, Желдеңбай – М.Алышпаев, Б.Одуракаев, Эшен – Ш.Кыдырмаев, Д.Байгожоев, Эшик ага – Болорбек уулу Адыл, А.Осмоналиев.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83