www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Камила Абдил, "Азия МIX" командасынын менеджери, сценарист: “Чет өлкөдө жүрүп өзүмдү-өзүм тарбияладым”

Айдар Нуралиев 30-сентябрь 2017, 17:00

Маданият


СҮРӨТ - Камила Абдил, "Азия МIX" командасынын менеджери, сценарист: “Чет өлкөдө жүрүп өзүмдү-өзүм тарбияладым”

Чет жерде эмгектенип, Кыргызстандын намысын коргоп жүргөн таланттардын саны бизде арбын. Алардын бири Камила Абдил.

Сүйүүдө...

Мен тамашага абдан кылдат мамиле кылган аялзатынын катарына кирем. Эң жакын адамың бардык кырдаалды тамашага айлантып койсо жашооң жеңилдей түшкөндөй болот. Чынын айтуу керек башында биз эч кандай романтикалык мамиле тууралуу ойлогон эмеспиз. Экөөбүз эки башка адам элек. Кийин күтүүсүздөн эле күчтүү сезимдер пайда болуп кетти. Ал учурда биз жакын достордон болсок, ортодогу мамиле үй-бүлө курууга жеткирди. 

Үйдө...

Үйдө тазалыкты, тыкандыкты абдан жактырам. Тамак жасаганды абдан жакшы көрөм. Эгер убакыт болуп калса, дароо даамдуу тамак жасап, дасторкон жайып калмай адатым бар. Үй-бүлөдө мага тиешелүү милдеттеримди толук кандуу аткарам. Жолдошума, балдарыма ар дайым кам көрөм.

Жумушта...

Эргүү мага күтүүсүздөн келет. Уктаар алдында, тамактанып жатканда же авто унаа айдап бара жатканымда. Идея башыма келип, кечке ойго салат мага өзгөчө идея келгендей сезилет. Жумушта абдан катаал, талапты коё билген жанмын.

Чет өлкөдө...

Мен АКШда 5 жыл билим алып, иштегем. Андан соң Токиодо бир нече ай билимимди жогорулатып, кийин магистратураны Парижде бүтүргөм. Чет өлкөдөгү жашоо мени чыйрак болууга үйрөттү. Чет жерде баары Азиядагыдай эмес, жашоонун өзү кымбат. Баалуулуктар башка экенин да байкап, өзүмдү-өзүм тарбияладым.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83