www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн котормочулардын күнү

Жазгүл Урманбетова 30-сентябрь 2017, 16:51

Дүйнө жүзүндө Коом


Бүгүн котормочулардын күнү

1991-жылы 30-сентябрда котормочулардын кесиптик майрамы (International Translation Day) пайда болгон. Убагында орус акыны Александр Сергеевич Пушкин котормочулукту «Өнүгүүнүн аргымагы» деп атаган эле. Себеби, адабият жана киноискусство, илим жана техникадагы өнүгүүлөрдү таанып, ар кыл өлкөнүн элдери өз ара пикир алышып сүйлөшө алышмак эмес.

Жыл сайын 30-сентябрь күнү «Көп тил - бир кесип» деген ураандын алдында 60 өлкөнүн 100дөн ашуун котормочулук ассоциацияларынын кызматкерлери тажрыйба алмашуу максатта, майрамдын алкагында өлкөлөр аралык ар кандай пресс-конференция, көргөзмөлөр жана жыйындарды өткөрүшөт. Мындай жолугушуулар – мамлекеттердин ортосундагы достук жана ынтымак мамилелерин чыңдайт. Котормочулукту кесип жана искусство катары жайылтууну көздөшөт.

Ал эми котормочулардын күнү 30-сентябрь болгону бекеринен эмес. 420-жылы 30-сентябрь күнү Чиркөөнүн төрт атасынын бири - жазуучу, тарыхчы жана котормочу Иероним Стридонский каза болгон. Ал котормочулардын устаты болгон. 386-жылы Иероним Библияны латын тилине которуп чыккан.

Булак:bugupress.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83