www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болсунбек Казаков: «Мегакомдун 100% акциясы накталай акчага сатылат»

Гүлжан Шерипбаева 30-сентябрь 2017, 20:54

Экономика


Болсунбек Казаков: «Мегакомдун 100% акциясы накталай акчага сатылат»

«Мегаком» уюлдук компаниясын сатып ала турган кардар табылды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тараткан маалыматка караганда, орусиялык ишкер Елена Нагорная аталган компанияны сатып алуу үчүн арызын берген. Анын документтери жана сатып алуу каржылык мүмкүнчүлүгү текшерилип чыгып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мына ушул теманын алкагында аталган фонддун башчысы Болсунбек Казаков менен маектештик.

Елена Нагорная  аттуу орусиялык ишкер “Альфа Телекомду” сатып ала турганы маалым болду. Эмненин негизинде бул ишкер тандалып жатат?

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 25-сентябрь, саат 17:00го чейин бардык кызыккан тараптардын арызын кабыл алуу тууралуу жарыя бергенбиз. Анан биз койгон талаптардын негизинде бир гана ишкер айым Елена Нагорнаядан арыз түштү. Аны депутаттар, министрлик жана башка мекемелердин өкүлдөрүнөн турган комиссия карап чыгып, бардык мыйзамдын талаптарына жооп берерин айтып, «мындан ары каралсын» деген чечим чыгарды. Азыр сатып алуу келишиминин долбоорун талкуулап жатабыз.

Кандай шарттар менен сатыла турган болду?

Шарт боюнча компанияны сатып алууну каалагандар акциялардын 100 пайыз пакети үчүн 13,5 миллиард сом төлөшү керек. Ошондой эле ага жалпы сумманын 7 пайызы комиссия катары кошулмак. Ал 950 млн сом болот. Ошондо «Мегаком» толугу менен жеке менчикке өтөт. Андан тышкары, кийин компанияга байланыштуу Кыргыз өкмөтүнө кандайдыр бир арыздар түшсө, сатып алуучу соттук иштерди да өз моюнуна алат.

Келишим кайсыл убакытта түзүлүшү мүмкүн? Түзүлүп калса, каражатты толугу менен которуп береби же башка жолдору каралып жатабы?

Баардыгы мыйзам чегинде ишке ашат. Эки тарап тең келишимди батыраак түзүүгө кызыктар болуп жатат. Азыр эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Менин оюмча, эң жакынкы убакытта келишим түзүлөт. Негизи кардар эч кандай офшорду аралаштырбай, каражатты толугу менен «накталай түрдө котором» деп жатат. Бирок, мыйзам боюнча, бир айдын ичинде толугу менен төлөп бүтсө болот.

Эми ал ишкер тууралуу так маалымат барбы?  Башкача айтканда эртеңки күнү башка келишимдер сыяктуу көйгөйлөр жаралып, соттошуп жүрбөйсүздөрбү?

Мен Елена Нагорнаянын өзү менен жеке жолуктум. Ал  тууралуу интернеттен карап чыктым. Бир нече компаниялары бар экен. Өзүңүздөр да карап көрсөңүздөр болот. Ал дагы эртең маселе жаралбашы үчүн баары ачык жана мыйзам чегинде бүтүшү керектигин өтүнүп жатат. Келишимдин долбоору каралып жатканда, баарына көңүл бурабыз.

Маегиңизге рахмат!


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83