Жазгүл Урманбетова 02-октябрь 2017, 15:46
Ырчы Айнура Салахидинова бүгүн, 2-октябрда 33 жашка толду.
"Өздүк майрамым менен биринчи болуп жолдошум саат 00:00дө куттуктады. 3-4 жылдан бери туулган күнүмдү белгилебей калгам. Себеби ал учурда тойлор көп болуп, бошобой калчумун. Бүгүн дүйшөмбү болгондуктан убактымды бөлүп, туулган күндү кечинде жакындарым менен бирге белгилейин деп жатам", - деди ал.
Белгилей кетсек, Айнура Салахидинова 1984-жылы 2-октябрда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз экономикалык университетинин маданий-эстетикалык борборунун комуз ийриминин көркөм жетекчиси болуп эмгектенген. Алгач "Кусалык", "Сен жокто" деген аталыштагы ырлары менен эл оозуна алынган. Үй-бүлөлүү, эки уулдун энеси. Булак:super.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!