www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад Областтык Клиникалык ооруканасында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат

Айнура Абдиназарова 31-октябрь 2017, 13:55

Коом


Жалал-Абад Областтык Клиникалык ооруканасында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат

Жалал-Абад шаарынын гана эмес, бүтүндөй областтын элинин саламаттыгынын сакчылыгында турган областтык клиникалык оорукананын материалдык-техникалык базасы улам чыңдалып баратат. Азыркы тапта оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү толугу менен оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу клиникалык оорукананын жетекчиси Жаныбек Карабаев билдирди.

Анын айтымында, аталган бөлүмдүн имараты тээ 1986-жылы курулуп, ошондон бери капиталдык ремонттон өткөрүлгөн эмес болчу. Имараттын эскилиги жетип, бейтаптарга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүгө, бейтаптар менен медицина кызматкерлерине комфорттуу шарттарды камсыз кылууга кыйынчылык жаралган. Ушундай абалда бөлүмдүн имаратын толугу менен оңдоп-түзөтүү зарылдыгы келип чыккан, бир топ жылдардан бери каражат маселеси чечилбей келди.

Акыры медиктердин тилеги орундалып, республикалык бюджеттен имаратты оңдоп-түзөтүүгө 1,5 миллион сом каражат бөлүндү да, учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан кез. Азыр имараттын дубалдары кафелденип, бейтаптар жаткан бөлмөлөргө санузел камсыздалып, муздаткычтар, эмеректер коюлууда. Жылытуу системасы толугу менен реабилитацияланып жатат. Бейтаптарга эле эмес, медициналык кызматкерлердин иштөөсүнө да ыңгайлуу шарттар жаралууда.

Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жээналиеванын айтымында, мурда медициналык кызматкерлерге мынчалык жакшы шарттар түзүлгөн эмес болчу. Эми болсо, шарттар жакшырып жатат жана мунун өзү бейтаптардын маанайынын да жакшы болушуна алып келет. Азыр иштер кызуу жүрүп жатат, эгерде иштер ушул темп менен жүрүп отурса, анда ноябрь айынын аягына карата бөлүмдүн имаратында жүрүп жаткан курулуш иштери аягына чыгат.

Эскерте кетсек, областтык клиникалык ооруканынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 37 медициналык кызматкерлер калк саламаттыгы үчүн иштеп жатышат. Жакшыртылган шарттар бөлүмдүн ишинин деңгээлин ого бетер жогорулатат деген ишеним бар.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83