www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан менен Түркия стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетти

Айдар Нуралиев 31-октябрь 2017, 15:46

Дүйнө жүзүндө


Өзбекстан менен Түркия стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетти

Өзбекстандын тышкы иштер министри Камилов, Өзбекстан теле каналына президент Шавкат Мирзиеевдин өткөн аптада Түркияга жасаган расмий сапарын талкуулап берди.

Өзбекстан-Түркия карым-катнаштары стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткирилгени маалымдалды.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Камилов, Өзбекстан теле каналына президент Шавкат Мирзиеевдин өткөн аптада Түркияга жасаган расмий сапарын талкуулап берди.

Камилов, Өзбекстан жана Түркия карым-катнаштарынын тарыхта алгач ирет стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткирилгенин белгилеп өттү.

Мирзиеевдин өткөн аптада президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу боюнча Түркияга расмий сапар менен келгенин эске салган Камилов, сапарынын абдан жемиштүү өткөнүн айтты.

Түркиянын сапарды «тарыхый сапар катары» мүнөздөгөнүн айткан Камилов: «Түркия абдан чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон өлкө. Алдыңкы түрк фирмалары дүйнөнүн 160 өлкөсүндө абдан активдүү иштеп жатат»,-деп айтты.

Тараптардын ортосунда акыркы бир жылда абдан көп сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн, эки өлкөнүн президенттеринин көп жолу жолукканын, карым-катнаштарда жаңы мезгилдин башталышы үчүн мүмкүнчүлүктөр изилденгенин жана платформанын пайда болгонун белгилеген Камилов: «Биз, бул жолду бирге өттүк жана Биргелешкен билдирүүгө кол койдук. Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар эми жаңы деңгээлге стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткирилди»,деген баасын берди.

Түркиянын Европа менен Азиянын ортосунда теңдешсиз геополитикалык абалга ээ болгонун белгилеген Камилов, Түркиянын Европа Биримдиги менен абдан бекем карым-катнаштарынын болгонун, мусулман дүйнөсүндө да абдан таасирдүү өлкө болгонун белгилеп кетти.

Камилов, Түркия менен достук мамилелерин өнүктүрүүсүнүн Өзбекстандын улуттук кызыкчылыктарына ылайыктуу болгонун кошумчалады.

Булак: ТРТ Аваз


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83