www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин оң колу неге тез алмашат?

Айнура Абдиназарова 02-ноябрь 2017, 16:30

Саясат


Президенттин оң колу неге тез алмашат?

Илгери Аскар Акаевдин убагында аппарат жетекчи болгондордун ышкырыгы таш жарып турчу эле. Ошол кездеги Тойчубек Касымовдун ишмердиги боюнча далай кептер элди аралап кеткен. Андан кийин кызматка келген (раматылык) Аманбек Карыпкуловдун каарына калгандар оңой менен кайра түзөлө алчу эмес дешет. Ал кишинин көзүнүн агы менен кошо тегеренгендер азыр деле анын айбатына тан берип калышат. Бакиевдин убагында болсо күчтүү аппарат жетекчи катары элдин эсинде Медет Садыркулов калганы чын. Тилекке каршы ал кишинин көзүн тазалап жиберишип жандары тынды.

Ал эми Алмазбек Атамбаевдин мезгилинде кимдер аппарат жетекчиси болгонун эстеп көрөлүчү? Жантөрө Сатыбалдиев тиш кагып калгандыктан жемин жедирбей өкмөт башчылыкты имерип алды. Анын түбүнө Чиркешич жеткенин өзү мактанып айтканы бар. Кийинкисинде Фарид Ниязовго кезек келди. Жакшы эле иштеди, бирок шайлоонун шылтоосу аркылуу штаб жетекчиликке которулду. Сапар Исаков деле ат тезегин кургатпай өлкөдөгү үчүнчү адамга айланды.

Ак кызматын өтөгөн, демократиянын талаптарына ылайык ишин жүргүзгөн Алмаз Үсөновду ажо бул кызматка жөн жерден койбосо керек? Эгерде ишеничке кирбесе аппарат жетекчиликке жакын жолотпой коймок. Эми жаңыдан тактыга отура турган Сооронбай Жээнбеков деле Алмаздын ордун муздатпай коюуга эрки жетсе оң болмок. Анткени бул жердин “ашканасын” Үсөновдон артык билген киши жок. Жаңы келген кызматкер майда-чүйдө нерселерин такташтырууга итапкан убактысын сарптайт. Анын үстүнө бул мырзанын кадамдарынан алешемдик кеткенин байкаган жокпуз.

Булак: Ачык сөз

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83