www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы президенттин ант берүү аземине чет өлкө президенттери чакырылбайт

Айнура Абдиназарова 07-ноябрь 2017, 09:21

Саясат


Жаңы президенттин ант берүү аземине чет өлкө президенттери чакырылбайт

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине чет өлкө президенттери чакырылбайт. Бул тууралуу президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөнов билдирди.

Анын берген маалыматына караганда инаугурацияга чет өлкө президенттери чакырылбайт. Бирок өлкөдөгү элчилердин баары чакырылат.

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт. Аны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети 3-ноябрда биринчи жыйынын өткөргөн. Жыйында ант берүү аземи боюнча иш-чаралардын программасы жана чакырылуучу коноктордун тизмеси талкууланды. Уюштуруу комитетин Алмаз Үсөнов жетектейт жана ага бир катар мамлекеттик органдардын башчылары мүчө.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83