www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадырбек Керимбаев Алмазбек Атамбаевдин 13 кемчилигин санады

Айнура Абдиназарова 07-ноябрь 2017, 13:13

Коом Саясат


Кадырбек Керимбаев Алмазбек Атамбаевдин 13 кемчилигин санады

Бүтүндөй бир улут эл туруп бир эле кишинин алдында тебеленип тепселип турганыбыз жалганбы? Каалаганын эле кылып жатат го. Кыргыздын кыйындары башка тепсе кыңк дебей калды. Илимпоз интелигенттериң, мамлекеттик ишмериң, саясатка мурун кийин аралашканың көрүп билип, чыдап отурасың. Эң эле күйүп кеткениң макала жазымыш болосуң. Аттуу баштуу деген, акыл эстүү деген «мыктарың» мамлекеттик машинанын бир кызматын кылып, айлык алганыңа корстонсуң. Кызматыңдан ажырап калбаш үчүн кошоматчыга айланып калдың. Айыл өкмөтүнөн Ак үйгө чейин бир чынжырга тизип алды. Парламенттеги партия дегендердин аттары эле бөлөк, чынында бир эле Атамбаевдин «Коррупция»-деген бандасы бар. Жети жыл башкарды, жасаган жети жакшы ишин санап бергилечи? Мен силер «билбеген» жактарын санайын:

1. Азиз Батукаевди чыгарды.

2.«Кум-Төр» аферасына “крыша” болду.

3. Светтин баасын көтөрдү.

4. Баш мыйзамды балталап өзүнүн бүгүнкүсүнө ылайыкташтырды.

5. Кадрлары-шоопур, жансакчы, кеңешчи болду.

6. Өзүнө жакпаган саясатты сүйлөгөн киши болсо эле каматты. Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев баштаган отузга жакын киши түрмөдө отурат. Текебаев далилдеген Максимдин жерине там салып алгандыгы анык. Дача-Сууга кулаган учактын жүгү боюнча ишти жаптырып салды.Шек бар.

7. Кечээги шайлоодо «биздин» талапкер деп өзү баш,120 депутат төш кылып үгүтчү болуп чуркашты. Бүткүл мамлекеттик машина ошол талапкер үчүн иштөөгө мажбурланды.

8. Казак-кыргыз элинин ортосуна чок ыргытты.

9. Жарма патриоттук кылып Орус-Кыргыз мамлесине да көлөкө түшүрдү.

10. Кыргыздын элин дайым мазактап келген, “Таластын эли эл эмес,нарындыктар мал»-деп, кечээ таластыктарды Абыке, Көбөштүн тукуму деп маскаралады.

11. Тышкы карыздын так эсебин эл билбейт.

12. Кечээ мөңгүлөрдү талкалоого жол берилип отурат.

13.  Акчасын алыстан салып жаткан мигранттар ды ойлоп да койгон жок!

Эми ушул киши Сооронбайды сокудай кылып такка отургузуп койуп, өзүм мамлекетти башкарам деп турганы, “эртең октябрдын беши”, дегендей сөзсүз боло келе турган иш. “Бир киши экен, сый менен узатып койолу” - деген сөздөргө алданбай, “импичмент” менен кетирбесе шоруң ошондо кайнайт кыргызым! «Экс-президенттин статусун» окуп көргүлө! Менин оюма Адахан Мадумаров баш болгон «МЕН МАКУЛ ЭМЕСМИН» -деген ураанга кыргыздын уул кыздары кошулат деп ишенемин! Азыркы бийлик системасы жарабайт деп жүргөн саясатчылар; Мукар Чолпонбаев, Азимбек Бекназаров, Улукбек Кочкоров, Назарбек Нышанов, Кадыр Кошалиев, Баяс Турал, Турат Акимов, Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев дагы далай кайдыгер эместер кошуларын билемин. Улуттук курултай, “Кырк чоро”, “Мекенчил” жаштар сыяктуу коомдор тынчтыкты сактап калуунун бир жолу ушул деп түшүнөт деген ойдомун. Баарыбыздан мурда «элитабыз деп эдиреңдегендер «кызыкдар болот, кош бийликтин астында чайналбай, Жогорку Кеңештин бир КСДПдан башканын депутаттары басым,кысымдан кутулуш үчүн аракет кылат болуш керек. Сооронбай жана «Сокечилерлерге» Атамбаевдей «аталыктын» эмне кереги бар?! Таластыктар чакырган курултайга башка дубандардан келип кошулган эл муну сөзсүз колдойт. “Атамбаевге импичмент” - деген талап коюлат! - дейт Кадырбек Керимбаев.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83