www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рамзан Кадыровго кыргыз жигити «Аллах» деген жазуусу бар аргымак белек кылды

Айнура Абдиназарова 07-ноябрь 2017, 13:19

Коом


Рамзан Кадыровго кыргыз жигити «Аллах» деген жазуусу бар аргымак белек кылды

Кыргыз жараны Болот Өмүралиев Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровго аргымак белек кылды. Бул тууралуу Кадыров Инстаграмдагы баракчасына жазып, видеосун жүктөдү.

Рамзан Кадыровдун бул тасмасын миңдеген интернет колдонуучулары көрдү. Анын Instagram баракчасына 3 миллиондон ашык колдонуучу жазылган.

«Кыргызстандын тургуну Болот Өмүралиев мага баа жеткис белек алып келди. Бул жылкы Кыргызстанда туулган америкалык таскактуу күлүк.Бирок белек жылкынын тукуму жана анын күлүктүк сапаты үчүн гана баалуу эмес. Мен үчүн таза кандуу тукумдагы жана баш байгенин ээси болгон күлүктөр кымбат. Болот жылкынын моюнунан Кудайдын аты жазылган жазууну байкаган экен. Ал жылкыны мага белекке берүүнү каалаптыр, ал эми бул жерге аны алып келүү үчүн биздин мекендешибиз Рустам Алиев жардам берди. Мен терең ыраазычылык менен чечен элине белекти кабыл алдым. Күлүк үчүн жакшы шарттар түзүлдү, ага жакшы кам көрүлөт», - деди ал.
Рамзан Кадыровдун бул тасмасын аз убакыт ичинде 56 миң колдонуучу ачып көргөн. Белгилей кетсек, анын Instagram баракчасына 3 миллиондон ашык колдонуучу жазылган.  

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83