www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гемодиализде гүлдөгөн коррупция, өлүп бара жаткан адамдардан акча тапкандар...

Айнура Абдиназарова 07-ноябрь 2017, 15:41

Ден-соолук


Гемодиализде гүлдөгөн коррупция, өлүп бара жаткан адамдардан акча тапкандар...

Бишкекте “ЮРФА” деген медициналык жеке клиника бар. Бул оорукана бир топ жылдардан бери мамлекеттик тендерлерге катышып, аларды утуп алып бөйрөгү ж.б, оорулууларды кымбат-кымбат медициналык тейлөө иштерин аткарып келе жатат. Ичи-сырты, тейлөөсү заманбап, жакшы эле иштерди аткарып келе жатат десе деле болчудай.

Бирок, бул клиниканын Медеров көчөсүндөгү гемодиализ борборунда өзүм билемдик менен паракорчулук гүлдөп жатыптыр учурда. Бөйрөктөрү иштебей калган, өзүлөрү араң жүргөн, мал-мүлкүн сатып, карыстап жүргөн оорулуулардан дагы гемодиализ алыш үчүн борбордун башчысы баш болуп, калгандары төш болуп акча талап кылганын уктук.

Мисалы, кезеги менен мыйзамдуу ал жерден дарыланууга келгендерден 4-5 миң сомдон талап кылышат, ал эми кезектен башка убакытка которуш үчүн дагы 1-2 миң сомдон сол чөнтөккө алышат. Мунун баарын ошол жердеги көп жылдан бери иштеген, ошентип уялбай оорулуу адамдардан акчаны доолаган Бакыт Саранниева деген эжеке. Так ушул арыз муң менен биздин редакцияга кыйналган оорулуулар кайрылып жатышат.

Калысбек Айкынов, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83