www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медреселерге кесип үйрөткөн долбоор жакшы натыйжа берди

Айнура Абдиназарова 07-ноябрь 2017, 17:11

Коом


Медреселерге кесип үйрөткөн долбоор жакшы натыйжа берди

Медресе жаштарын кесипке үйрөткөн долбоор Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абдан жакшы жыйынтыктарды берүүдө. Ал жерде “Тигүүчү”, “Ашпозчу” жана “Компьютерди колдонуучу” деген адистикти үйрөнүп чыккан жаштар азыр өз алдынча иштеп, каражат таба баштады. Буга чейин Жалал-Абаддагы медреседе ашпозчулук кесипти үйрөнүп чыккан кыздар азыр ошол жерде кондитердик цех куруп жатышканын “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоорунун менеджери Нарынбек Кыдыргычев билдирди. Бир эле мисалды алсак, Оштогу “Абдыжапар” ислам институтунан компьютердик курсту бүтүрүп чыккан 54 жаштагы Хуриятхан Абдуллаеванын аракети мактоого арзыйт. Учурда ал 54 жашта.

-“Мен Ош облусунун Кара-Суу районунан Маданият айылынан келдим. 10 жыл мурда эл катары маалыматтан кем калбасын деп балдарыма компьютер алып бергем. Апа сиз да жакшылап үйрөнүп алыңыз дегенде “Эми мага анын эмне кереги бар эле...” - деп маани бербей койгом. Хадисте “дүнүйө деп диниңди таштаба, дин деп дүнүйөңдү таштаба” – деген жери бар. Көрсө заманыңдан артта калбай, тең жарышып алга умтулуп жаша деген турбайбы. Ушул жерде “АВЕП” деген коомдук фонд келип АКШ элчилигинин демөөрчүлүгү  аркылуу 20га чукул кыз-келиндерге компьютердик  курсту үйрөттү. Ар кыл жаштагылар окудук, бардыгына тегиз карап жакшы үйрөтүштү. Азыр көп нерсе үйрөнүп, бардыгына көзүбүз жетип калды. Мурда интернет дегенден коркчумун, экстремисттик азгыруулар же башка бир бузуку, балекетке кабылып калбайын деп. Ылгап алыш адамдын өзүнөн экен. Заманбап нерсени да билишибиз керек экен көрсө. Мурда медреседе окуган кыздар десе эле “Көп нерсени түшүнүшпөйт, курандан башканы карабайт, дайыма кымырынып, жамынып жүрөт” дешчү эле. Азыр мен байкагандан чогуу окуган кыздарда дагы жаңы мүмкүнчүлүктөр ачыла баштады. Айрымдары өз алдынча иш кылып, ад ал ырыскы таба турган чакан бизнестерин ачууда. Менде дагы ишке орношсом деген жакшы ой-тилектерим пайда болуп жатат. Идеялар дагы толтура. Өмүрүмдү бош өткөргүм келбейт. Ушул жашка келдим деп көчөгө чыгып, ушак угуп андан кийин эле небере кайтарып үйдө отуруп калбайын деп жатам. Жаш энелерге жеңилдик болсун деп жеке менчик бала бакча уюштуруп жаттым эле ошону өнүктүрүп, көп нерселерди баштайын деп жатам. Группаларды көбөйткүм келет. Англис, араб, орус тили, адеп-ахлак иштери боюнча тарбиялагым келет. Аллах таалам берген өмүр аяктаганча көп нерсени кылайын деп жатам буюрса. Дагы бир жолу баса белгилеп айта кетейин, билимимди тереңдеткеним үчун өзүмө да, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген дин башкармалыгына да, “АВЕП” коомдук фондуна да, АКШнын Кыргызстандагы элчилигине да абдан ыраазымын”, - деди Хуриятхан Абдуллаева.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83