www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акындын гүлү Анакем, Ачууң да бир аз бар экен. Алты жыл иштеп, бошогон, Ажолор беле сага тең?

Айнура Абдиназарова 07-ноябрь 2017, 18:45

Коом


Акындын гүлү Анакем, Ачууң да бир аз бар экен. Алты жыл иштеп, бошогон, Ажолор беле сага тең?

"Анатай Өмүрканов ажого катуу айтыптыр", - деген сөз эле интернетте дүңгүрөйт. Көз чаптырып, мен да өз оюмду айткым келди. Жазуучуларга Акаев берген акчаны Антай, Акбарлар кантип билбесин - деген ой менен кичине тамаша жазып койдум.

Сүлөөсүн ичик, малакай...
Сүрдүү акын биздин Анатай!
Чала тааныйт эл Акбарды,
Чакырып берет сага чай.

Боз жорго чыгып талбайсың,
Боз торгой болуп сайрайсың.
«Эл акынды» да орденди,
Эмгегиң мене алгансың.

Акындын гүлү Анакем,
Ачууң да бир аз бар экен.
Алты жыл иштеп, бошогон,
Ажолор беле сага тең?

Ачууну коюп, күлүп жүр,
Арзууңу бүтпөс чийип жүр!
Талашып Талас намысын,
Таксырга тилиң тийиптир.

Наамды булгап албайбыз,
Нааразы сөзгө калбайбыз.
Ормуков иним экөөбүз,
Ошону шашпа...жайлайбыз

«Эл акынысың»...намыс бар,
Эл журттан чыгат калыстар.
Акаев берген акчаны,
Атамбаевден алып кал!

Калп дейбиз кантип Аскарды,
Какшанып айтып жатпайбы?
«Мас элем, билбейм» - дебесин,
Маскөөгө чаптыр Акбарды.

Кадыркул Керимбаев

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83