Айнура Абдиназарова 07-ноябрь 2017, 19:09
Душман менен досту айырмалай билбеген элдин келечеги бүдөмүк болот. Бийлик андай кылды, бийлик мындай кылды деп нааразы болобуз. Анан эле майрамда ошол бийлик чакырып сыйлап койсо дардаңдап сүйүнүп калат экенбиз. Ууруну деле мактайбыз, ууруга жардам берип сүрөгөн кошоматчысын деле мактайбыз. Мындай болбойт!
Кылмышкер бийликти кылмышкер деш керек. Аны кошомат кылып мактап чачпагын көтөргөн кошоматчыны сен кылмышкердин жардамчысысың деп бетине айтып ордун көргөзүш керек. Баары бүткөндөн кийин ал деле бирөөнүн баласы, ал деле кыргыз, кечиришели дейт экенбиз. Андай болбойт! Андай болбойт алтындарым! Эгер чындап эле алардын насили кыргыз болсо кыргызга кыянаттык кылабы? Алмазбек Атамбаевдин чачпагын көтөрүп кошомат кылып, анын бүгүнкү күндө кыргыз калкына жасаган кыянаттыгын мактап отургандардын баары кыргыздын душмандары! Саясаты жаман, бирок адам катары жакшы киши деген да туура эмес. Жакшы киши өз элине душмандык кылбайт!
Атамбаевди коштоп колдоп мактап жактап анын тозоку саясатын улантууга жардам берип жаткан агаларым болобу, эжелерим болобу, силер баарыңар начар адамдарсыңар. Эртең бийлик алмашканда эл караган бетиңер жер карайт. Бул кылыгыңар үчүн тарых кечирбейт силерди! - деп жазган учурда алыскы Америкада жүргөн журналист Адилет Айтикеев өзүнүн Фейсбук баракчасына.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!