www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Айланайын Камчы аке, Жакшылыктар үйүңдө, Чачыңыздан көп болсун!”

Айнура Абдиназарова 08-ноябрь 2017, 12:45

Саясат


“Айланайын Камчы аке, Жакшылыктар үйүңдө, Чачыңыздан көп болсун!”

Өткөн жумада “Ата-Журт” партиясынын лидери, саясатчы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарында элди чогултуп, чай берди. Бул чайлашуу аркылуу саясатчы президенттик шайлоо алдында кабыл алган чечимин шайлоочулары колдоп, коштоп бергенине ыраазычылык билдирди. Камчыбек Ташиев КСДП партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоо ниетинде президенттикке талапкер болуудан баш тарткан эле. Ал бул кадамын өлкөнүн биримдүүлүгү жана туруктуулугу үчүн деп атаган. Чайлашууга шайлоодо саясатчынын чечимин колдоп, анын колдогон талапкери Сооронбай Жээнбековго добуш бергендер келишти.

“Биринчиден, баарыңыздарга келип бергениңиздерге ырахмат. Чогулганыбыздын башкы себеби - сиздердин жардамыңыздар менен Сооронбай Жээнбековду президенттикке шайлап, жеңишке жетиштик. Ал киши сиздерге ыраазычылыгын билдирип, ар бириңиздерге жеткирип коюуну суранды.

Мындан ары сиздердин ишенимиңиздерди актап, эл-журтка ак ниеттен кызмат кылаарын убадалады”,- деп сүйлөгөн Ташиев жаңы президенттин аманатын отургандарга жеткирди.

“Биз мамлекеттин чоң этабына өттүк. Биз жөн гана президентти шайлап койбодук, мамлекеттин тарыхында, өзүбүздүн тагдырыбызда маанилүү орун калтыра турган тандообузду жасадык. Мен биз тандаган адам элге-журтка адал кызмат кылып берет деп ишенем. Президент – мамлекетибиздин башчысы. Кыргыз Республикасынын жүзү. Биз бул жолду тандаганыбызда, Сооронбай Шарипович президенттикке талапкерлигин колдойлу деп чечим кабыл алганыбызда аны кубаттап бергениңиздерге ыраазыбыз. Мен бардык жактагы шайлоо процессин өзүм байкаштырып турдум, менин тандоомо сый менен мамиле кылганыңыздарды сездим. Бизде көп улуттар жашайт, баарыбыз биргеликте мамлекетибиздин келечеги үчүн эмгектенишибиз керек.

Кыргызстандын алты миллион элинин ар бири келечек үчүн салым кошушу керек. Шайлоодон кийин сен буга, сен тигиге иштедиң дебестен, баарыбыз бир муштумга биригип, ынтымакка келишибиз керек. Ынтымак болсо, баарыбыз бир муштум болсок  - ошондо гана мамлекетибиз өнүгүп, баарыбыз өсөбүз. Шайлоо менен эле турмуш токтоп калбайт, ар бирибиз айткан сөзүбүздү аткарып, айткан сөзүбүздүн ээси бололу. Дагы бир жолу ыраазычылыгымды билдирем”,- деген Ташиев Жалал-Абад дубанынын ар кайсы тарабынан келип, облус борборундагы чайлашууга катышкандарга жана келе албай калган башка шайлоочуларга да чын дилинен ыраазычылыгын билдирди.

Камчыбек Ташиев ынтымак гана элдин келечегин ишенимдүү кылаарын белгиледи. Ал мамлекет ар бирибизди өстүрүп, билим берип, чоң турмушка кошконун белгилеп, эми ар бирибиз балдарыбыздын келечеги, эртеңки ишенимдүү күнүбүз үчүн мекенибизге кызмат кылууга убакыт келип жеткенин айтты.

Чайлашууга чакырылган төкмө акын, жакында эле Өзбекстандын президентинен сыйлык алган айтылуу Идрис Айитбаев комузун күүлөп, ыр саптарын төктү.

“Айланайын Камчы аке,

Жакшылыктар үйүңдө,

Чачыңыздан көп болсун”, - деп Кыргызстан үчүн ат көтөргүс эмгеги бар, карапайым элге жакын саясатчынын так ушул жөнөкөй, сезимтал сапатына басым жасоо менен баштаган төкмө акын андан ары мындай деди:

“Кыраан бүркүт жел жүрсө,

Канатын канга тийгизбейт.

Кайраты бар азамат,

Кайгысын элге билгизбейт.

Камчыбектей агалар,

Жалал-Абадда турганда,

Сооронбайдай ажого,

Жаман кепти тийгизбейт”.

Сый тамакка келгендер Камчыбек Ташиевге ак чепкен, ак калпак кийгизишип, ийгиликтерди каалашты.

Биз сый тамакка катышкандардын айрымдарынан Камчыбек Ташиев жана анын тандоосу тууралуу пикирлерин сурадык.

Гүлнара Арыкбаева, Арал айылынын тургуну:

- Шайлоодо элдин көпчүлүк бөлүгүнүн колдоосу менен Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишпедиби.  Президенттик талапкерлер болгон башка жигиттерди  да кызматтарга коюп,  акылын алып иштетишсе жакшы болмок деп ойлойм. Алардын баары шайлоого кыргыз эли үчүн деп чыгышты. Мыктылар мекен үчүн иштеп беришсин деп ойлойм, аларга кылмыш ишин ачып, куугунтукка алуунун эмне кереги бар.

Тамара Касымбаева, Арал айылынын тургуну:

- Камчыбек Ташиев колдогону үчүн биз да Сооронбай Жээнбековго ишеним артып, добушубузду бердик. Элибизде тынчтык болуп, мамлекетибиз алдыга жылса экен деген гана тилегибиз бар.

Тургунбай Мырзакматов, Ноокен районунун тургуну:

- Камчыбек Ташиевдин элге кылган мээнетине ыраазы болгонубуздан улам, Жээнбековду колдогонун туура кабыл алдык. Биз Ташиевге берчү добушубузду ал колдогон Жээнбековдун пайдасына бердик. Эми Кудай буйруса, жаңы шайланган президентибиз да мекенине мээримдүү болуп, жакшы иштеп берет деп ишенип турабыз.

Садыр Төрөбеков, облустун тургуну:

- Сооронбай Жээнбеков карапайым элдин арасынан чыккан, жакшы-жаманды башынан өткөргөн адам экен. Коррупцияга аралашпаган тазалыгынан жана элине ырайымдуу экенинен улам Ташиев аны тандаса керек. А Ташиев дайыма эл менен, мындан ары да эл менен болот. Бул жолу да биз аны колдоп бердик. Биздин Жээнбековду колдогонубуз Ташиевди колдогонубуздун белгиси.

Булак: “Майдан. kg”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83