www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таластыктар “чоң казат” кандай болоорун көрсөтөт

Айнура Абдиназарова 08-ноябрь 2017, 13:36

Саясат Коом


Таластыктар “чоң казат” кандай болоорун көрсөтөт

Бийликтен кетерине аз калгандыгына карабай, президент А.Атамбаев акыркы сүйлөгөн “жалындуу” сөздөрүнүн биринде “Манасты” уккусу келбей ызы-чуу салган айрым таластыктарды Абыке, Көбөштүн тукумдары катары атагандыгы белгилүү. Демейде кыргыз элине ошол эле Манастан тартып, Чыңгыз Айтматовго чейинки баатырлар менен залкарларды берген кең көкүрөк, намыстуу таластыктар нааразычылык пикирин билдиришип, Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүшкөн болчу.

Бирок өздөрүнүн “Атамбаев бизден кечирим сурасын”,- деген талабы аткарылбагандыгы үчүн 3-ноябрда митинг өткөрүшкөн. Бирок президенттин аппарат башчысы А.Үсөнов “А.Атамбаев бир ууч таластыктардын атына жамынгандардан кечирим сурабайт...”,- деген билдирүүсүнөн кийин эми 9-ноябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында чоң митинг өткөрүп, “чоң казат” уюштурабыз деп турушат. Кыскасы, бийлик да, таластыктар да  “Биз А.Атамбаевден кызматтан кетсе да кечирим суратабыз...”,- деп өз пикирин бербей турушат. Деги араңдан зорго бутубузга туруп келатканда сөздүн артынан дагы бир ызы-чуу башталып кетпесе экен.

Булак: “Майданkg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83