www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Азаттык" үналгысынын YouTube каналы "Күмүш баскычка" ээ болду

Айнура Абдиназарова 08-ноябрь 2017, 16:16

Коом


"Азаттык" үналгысынын YouTube каналы "Күмүш баскычка" ээ болду

"Азаттык" үналгысынын расмий YouTube каналына жазылгандардын саны 100 миң колдонуучудан ашканына байланыштуу бул видео порталдын "Күмүш баскычы" менен сыйланды. Бул тууралуу "Азаттык" өзүнүн сайтына жазып чыкты. 

YouTube видео порталынын сыйлыгы төмөнкү кат менен коштолгон:

"Сиздер бул сыйлыкка эбегейсиз эмгек менен жетиштиңиздер. Биз муну жогору баалап, сиздерди урматтообуздун чакан символу болгон "Күмүш баскыч" сыйлыгын тапшырууну туура көрдүк. Бул сиздер өз аудиторияңызды таап, жараткан видеолоруңуз каналыңыздарга жазылган ар бир колдонуучуга жолун тапты дегенди билдирет".

Бүгүнкү күндө "Азаттыктын" YouTube каналына жазылгандардын саны 151 миңге жетип отурат.

"Азаттык" Кыргызстандагы маалымат каражаттардын ичинде мындай сыйлык алган алгачкы канал болду, -деп жазат "Азаттык".

Кесиптештерибизди, "Азаттык" үналгысынын YouTube каналы "Күмүш баскычка" ээ болгондугу менен NazarNews.kg маалымат агенттигинин жалпы жамааты куттуктайт. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83