www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акын эмес Адилет Калыгулов, акын Анатай Өмүркановдун ырына жооп айтты...

Айнура Абдиназарова 08-ноябрь 2017, 16:45

Саясат


Акын эмес Адилет Калыгулов, акын Анатай Өмүркановдун ырына жооп айтты...

«КАРЫГАН БАЛЫК КИТ ЭМЕС»

Өмүркан уулу Анатай, 
Бир акын бар Таластан.
Жазган ырын окусаң,
Ойлоп кетет экенсиң,
Туулганбы деп казактан.

Китке теңеп тигини,
Теңептир битке беркини. 
Анатай үчүн кыргыз эл,
Анда эмине сиркеби? 
Бөтөн калкты мактаган,
Урпагыбы МАНАСТЫН?
Жол бууган ханды жактаган, 
Жыттанат го саптары,
Абыке, Көбөш урпактан.

Балыка теңеп Элбасын,
Саал жаңылып алыпсын.
Кит эмес чабак балыгын,
Кыйын го табуу казактын.
Кит, балык көлдө жашаарын,
Кантип билбей калгансың?
Чөлдүү казак жеринде
Китти кайда багасың?
Эли толкуп сел болсо,
Кургакта калган балыкты 
Айланып келип суранып
Ыссык-Көлдө багасың.

Кетип жаткан кишиге, 
Кыйын болуп сөз сүйлөө
Жигиттике жатабы?
Курагынан жигиттин,
өтүп деле калыптыр,
Кылычты жоо кеткен соң,
Бокко чаап жатыптыр. 
Бир сөзгө улап экини,
Уйкаштыра албаптыр.
Акын деп айтыш кыйын го,
Тил берсе да Жараткан,
Кемитиптир акылын.

Убагында Ханыбыз,
«Кой сарай» деген Нарында,
«Койсуңар» кылып аны да,
Ширенкени жагышты.
Чыкпады өрт, жалыны,
Кайнабайт тура эч качан,
Калп айткандын казаны!

Кемер айтат жармын деп,
Чымчык айтат кушмун деп.
Чырпык айтат талмын деп,
Эшек айтат малмын деп.
Тикесинен туралбай, 
Чөгөлөгөн Анатай,
Ким айтат сизди акын деп?
Ким тааныйт сизди кыргыз деп?

Кыргызга кыйын учурда,
Аксакал сөзүн айтпаган,
Акындардан не пайда?
Акынсынган немеден,
Өз короосун кайтарган,
Күчүктөр бизге саал пайда.

Жазганым эмес каяша,
Улууга кантип айтайын.
Падышага жазган соң,
Мен деле айтып калайын.

Тийишпе дейт казакка, 
Жазган бул ыр сабында.
Калдың дептир мазакка, 
Айтылган ачуу чындыкка.
Батпай жатса бул жакка,
Атамбаев айтмакчы,
Кетпейби көчүп казакка!

Акын эмес Адилет Калыгулов

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83