www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмилбек Каптагаев, Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин, “Шайлообек Дүйшеев” экенине ишене албай турабы...

Айнура Абдиназарова 08-ноябрь 2017, 17:36

Саясат


Эмилбек Каптагаев, Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин, “Шайлообек Дүйшеев” экенине ишене албай турабы...

"Көрө көрө көсөм болот, сүйлөй сүйлөй чечен болот" деген накыл кеп бар. Негизи эле "Жыла жыла дүжүр болот" деп да кошуп койсо болчудай экен, пенде өзү да билбей калат окшобойбу кантип барып кандай "дүжүргө", андан ары жылып "акшакалга" айланып кеткенин... Пендечилик...деген пикирин саясатчы Эмилбек Каптагаев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

“”Учурда кыргыз-казак кыл чайнашып, намыс талаша турган меселе жок, кыргыздын намысын казактар тебелеп-тепсешкен да жок, НАМЫС деп найза көтөрүп чыга турган кырдаал да жок.... болгону "керооздуктун", "желооздуктун", тилине ээ боло албаган "бейбаштыктын", ордун таппай оолуккан "ээнбаштыктын" эле кесепетин тартып жатат биздин эл...

Кыргыз Эл акыны Анатай ичинде кайнаган бугун айтты, эл ичинде буркан-шаркан түшүп жаткан талкуунун шарын айтты, Акын кырдаалга карата жеке пикирин билдирди...оюн жазды... Мындай жарандык позициясы үчүн Акын Анатай сый-урматка гана татыктуу, бул акыйкат сөз!

Эки күн мурда Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүркановго карата адам оозангыс ыплас сөздөр менен аты-жыты жок бирөөлөр ыр чыгарып каяша кылымыш болуп жатты эле, ошону Шайлообек Дүйшеев жазыптыр дешип калышканда койгулачы болбогон сөздү деп кагып койдум эле. Шакемдин бул жазганын окуп алып эки анжы ойдо калдым... кыжалат болуп атам... Бирок дагы да болсо ишенгим келбейт, анткени Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев андай пастыкка барбайт деп ойлойм”, деп кошумчалаган Эмилбек Каптагаев.

Эске сала кетсек, Шайлообек Дүйшеев, "Кыргыздын башын кессе дагы башканын ханына жүгүргөн эмес. Буга Курманжан Датка энебиздин мисалы бар. Казактын ханы Көкчөнү чөгөлөткөн Манастын мисалы бар. Мен кантип чөгөлөйүн! Чөгөлөгүсү келгендер сасык саясатчылар үчүн чөгөлөй берсин. Бирок кыргыздын жигиттерин эч ким чөгөлөтө албайт. Бийликтен кетип, деги эле жыгылып бараткан кишини кыргыз баласы эч качан түрткөн эмес. Тебелеген эмес. Жаман сөз айткан эмес. Бул кыргыздын кыргыз экенинин касиети. Ушул касиетти Анатай сактаган эмес. Ушул касиетти Анатай билбейт экен. Башка элдин намысын талашып, өз элин басып берди" деген, акын Анатай Өмүркановго карата айтылган сөздөрү себеп болгон.

Буга чейин акын Анатай Өмүрканов, КР Президенти Алмазбек Атамбаевге карата сын-пикирин ыр түрүндө жазып, коомчулукта каттуу талкуу болгон эле.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83