www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр өзүнө дагы бир кеңешчи дайындады

Айнура Абдиназарова 09-ноябрь 2017, 09:49

Саясат


Премьер-министр өзүнө дагы бир кеңешчи дайындады

Мурад Омоев премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Сапар Исаков кол койду.

Мурад Омоев 1979-жылы 20-июнда Токмок шаарында төрөлгөн.

Ал 1999-жылы АКШнын Айова штатында экономика жана ишкерликти башкаруу багыты боюнча билим алган.

2004-жылы Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетинин магистратурасында билимин уланткан.

Андан соң, 6 ай Вашингтон шаарында Дүйнөлүк банктын башкы кеңсесинде тажрыйба алып, Эл аралык Валюта фондунун изилдөө департаментинде кичи илимий кызматкер болуп иштеп баштаган. 2012-жылдан тарта Эл аралык Валюта фондунун Европа департаментинде экономист болуп эмгектенет.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83