www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайгылуу сүннөт той: 1 жаштагы уулунан ажыраган ата-эне

Айнура Абдиназарова 09-ноябрь 2017, 10:16

Коом


Кайгылуу сүннөт той: 1 жаштагы уулунан ажыраган ата-эне

Казакстанда бир күндө 3 уулун сүннөткө олтургузган үй-бүлөө сүннөт той күнү 1 жаштагы уулунан ажырады. Бул тууралуу казакстандык сайттар жазып чыкты.

Алардын берген маалыматында, Азиза аттуу аял үч уулдун энеси. 3 баласын тең бирдей сүннөткө олтургузуп, парзынан кутулууну көздөгөн ата-эне доктурду үйүнө чакырышкан. 

Азиза айымдын айтымында, анын жүрөгү ошол күну бир нерсени сезгендей болуп, эң кичине уулу сүннөткө олтургузууга жаштык кылаарын күйөөсүнө түшүндүргөн. Чоң уулу 5, ортончусу 3, кичинеси бир жашта болгон. Бирок, жолдошу эч кандай коркунуч жок экенин айтып, үч уулун сүннөткө олтургузушкан.

Жыйынтыгында кичинекей уулунун абалы начарлап, көп ыйлагандыктан ооруп жатса керек деп ойлогон апасы, наристесинен ажырап калганын билген. Окуяга байланыштуу иликтөө жүргүзгөндө наристе көп кан жоготкону белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83