www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жанар Акаев: "Биздин өкмөт мигранттардын акчасына гана кызыкпай аларга кам көрүшү керек"

Айнура Абдиназарова 09-ноябрь 2017, 11:51

Саясат


Жанар Акаев: "Биздин өкмөт мигранттардын акчасына гана кызыкпай аларга кам көрүшү керек"

Биздин өкмөт мигранттардын акчасына гана кызыкпай аларга кам көрүшү керек. Мындай пикирин бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Эл өкүлү бир нече мигранттарга байланышкан маселелерди көтөрүп, "Жүк 200гө" бөлүнгөн акча тууралуу кеп салды.

"Жүк 200гө" деп президент акча бөлгөн. Чет жерде каза болгон жарандын сөөгү бул жакка келгенден кийин, маркумдун жакындары кайсыл аймактан болбосун атайын маалымкат көтөрүп алып Бишкекке келишет. Убара тартып,алган акчасы 10 же 15 миң сом. Аларды убара кылбай ошол акчаны Орусиянын өзүнөн эле консулдук аркылуу бөлуп берип, же жергиликтүү айыл өкмөттөр аркылуу деле берсе болот" - деп билдирди Жанар Акаев.

Ошондой эле, депутат чет өлкөдөгү жарандар шайлоодо добуш бере албай, кыйынчылыктарга дуушар болгонун кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83