www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аймактарда студенттер үчүн интеллектуалдык менчик маселелери боюнча семинарлар өткөрүлдү

Айнура Абдиназарова 09-ноябрь 2017, 12:13

Коом


Аймактарда студенттер үчүн интеллектуалдык менчик маселелери боюнча семинарлар өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) кызматкерлери С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин, Талас мамлекеттик университетинин жана К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучу курамы жана студенттери үчүн Кыргыз Республикасындагы салттуу билимдер жана өнөр жай менчик объектилеринин укук коргоо маселелери боюнча семинарларды өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Семинарлардын максаты салттуу билимдер, селекциялык жетишкендиктер жана өнөр жай менчик объектилерине өтүнмөлөрдү тариздөө жана берүү жол-жобосу менен тааныштыруу, интеллектуалдык менчик маселелери боюнча студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Семинарлардын катышуучулары чагылдырылуучу тематикага чоң кызыгууларын көрсөтүштү жана аймактарда өткөрүлгөн семинарлардын актуалдуулугун белгилешти. Окуу жайлардын өкүлдөрү кызматташууну өнүктүрүүнүн жана мындан ары тереңдетүүнүн зарылдыгын билдиришти.

Иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргызпатенттин кызматкерлери бардык кызыккан суроолор боюнча консультацияларды беришти. Анда бардыгы болуп 148 адам катышты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83