www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтмамат Кадырбаев мэрликти талашып, Жапар Ормоновду сабадыбы?

Айнура Абдиназарова 09-ноябрь 2017, 13:05

Саясат


Айтмамат Кадырбаев мэрликти талашып, Жапар Ормоновду сабадыбы?

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун Ош шаарындагы штабын башкарып, жетиштүү добуш алууга салым кошкон эле. Кара тоголок болуп алып, көзгө да көрүнө баштаган. Аны мындай деңгээлге көтөргөн айтылуу Икрам Илмиянов экени талашсыз. Жапардын таянган тоосу күчтүү болуп аткан соң, ал «Ошко мэр болом» деп темингенин эшиткенбиз.

Албетте, мындай аракети азыркы мэрге жакмак беле? Кызыгы, өткөн жумада Айтмамат Кадырбаев ачуусу менен Жапар Ормоновду кабинетине чакырат да, ченебей «тамашага» батканы желдей тарады. «Мэр боло турган сенсиңби?! Мына сага!» деп башка-көзгө былчылдата уруп, сабап койгону толук кандуу ачыкталабы? Жабырланган шаар кеңешинин төрагасы дароо ооруканага жатып, ушу күнгө чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө экен. Кайда баратабыз? Элге үлгү көрсөтө турган жетекчилерибиз мындай акылга сыйбаган жоруктарга барып атышса, башка эмнесин айталы? Албетте, бул окуяны эки тарап тең коомчулукка чыгарбаганга аракет жасашып, «жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын» деген тыянакка келишиптир. Жо-ок, мындайлардын беттери ачылсын! Сабак болуш керек да…

Булак: “Азия Ньюс”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83