www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сапар Исаков жумуштан алынып, ордуна Иса Өмүркулов келеби?

Айнура Абдиназарова 09-ноябрь 2017, 13:28

Саясат


Сапар Исаков жумуштан алынып, ордуна Иса Өмүркулов келеби?

Жаш кадр баары бир жаштыгын кылат экен. Сапар Исаков мыкты дипломат болгону менен өкмөт башчы катары ишин тарта албай атканы депутаттар арасында талкууланып, ордуна КСДП фракция лидери Иса Өмүркуловдун келе турганы болжолдонууда.

Премьер-министр деген экономиканы, өндүрүштү, чарбаны чаккан, ар тармакка анализ жасай алган, өнүктүрүүнүн жолун билген кашкөй адис болушу керек да. Албетте, бул жагынан Исаков кыйла эле аксап атат, даярданып, даяр текстти окуганы эле болбосо, жеке өзүнүн тармактар боюнча ой жүгүртүүсү жетишсиз экени, чийкилиги такыба сынчыларга байкалып калыптыр. Анан калса, КМШ өлкөлөрүнүн чоң жыйындарында Сапар мырзаны жашсынтып, башка премьерлер теңине албаганы эмнени каңкуулайт?

Ушул сыяктуу бир топ мүчүлүштүктөрдү кыраакы депутаттар байкашып, бараандуу Иса Өмүркуловду өкмөт башына көтөрүү жагын сүйлөшүп атышканын кантип жашырабыз? Эң башкысы, идея жаралса, андан соң демилге кайсы бир күнү ишке ашса керек да…

Булак: “Азия Ньюс”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83