www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадырбек Керимбаев: "Бакай», «Күлчоро», «Семетей» деген ат менен арак кайрадан чыга баштады"

Гүлжан Шерипбаева 13-ноябрь 2017, 13:42

Коом


Кадырбек Керимбаев: "Бакай», «Күлчоро», «Семетей» деген ат менен арак кайрадан чыга баштады"

«Бакай», «Күлчоро», «Семетей» деген ат менен арак чыгарып, эл чуу көтөргөндө токтотушту эле. Эми кайрадан чыгара башташыптыр. Төмөндөгү ыр ошондо жазылган, жаш балдар гитара менен ырдап да чыгышкан.

Бармен дос

Бармен дос толтура куй арагыңдан,
Бул сенин жакшылыгың мага кылган.
Түбүнө жетмек болду кыргызымдын,
Түбүмө жетсин бүгүн арак урган.
Жададым жаңылардан, эскилерден,
Жададым базар-вокзал заманыңдан.

Илгерки китепкана-аракканаң,
Ичерге суу таппайсың, арак жалаң.
Мыштыйып,мырза болуп,айым болуп,
Мышыктай таң атканча шарактаган.
Энесин урдум ушул көргөн күндүн,
Энесин өз баласы карактаган!

Араксыз жайлап жердин айланышы,
Араксыз токтойт элдин байланышы.
Масчылык майып кылса соо кишини,
Маңкурттар маймыл болуп калган ушу.
Бир эле кыргыз эмес көп улуттун,
Аракта окшойт, акыл эс ар-намысы!

Шишеде Ельцин мырза шишип турат,
Жириновский жини келип ичип турат,
Кыргыздын мыктылары сүрөт камдап,
Шишеге чаптаганды күтүп турат.
Ичем деп башкаларды туурагандар,
Ит болуп бөтөлкөдө сүзүп турат.

Аракта “Бакай Ата” «Манас» жатат,
Ак калпак урпактарын аяп жатат.
Кыргыздын кыйындары тыйын үчүн,
Кытайдан ташып келип арак сатат.
Ажобуз карыз сураса жерди айланып,
“Арак барон” миллиардды санап катат.

Бармен дос жана куйгун арагыңдан,
Жакшылыгың деп билгин мага кылган.
Жададым жашоодон бул арак жыттуу,
Жададым базар-вокзал заманыңдан.
Жададым мажирөөлүк, майдалыктан,
Манастын ак калпагын кара кылган!

Кадырбек Керимбаев, акын

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83