www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - 4 жашар кызын аёосуз сабаган ата милициянын кызматкери экени аныкталды

Гүлжан Шерипбаева 14-ноябрь 2017, 10:43

Кылмыш жана кырсык Коом


ВИДЕО - 4 жашар кызын аёосуз сабаган ата милициянын кызматкери экени аныкталды

Ташкент шаарында төрт жашар кызын аёосуз сабаган атанын үстүнөн кылмыш иши козголду. Белгилүү болгондой ал Мирабад райондук милициясынын кызматкери экени аныкталды.

Белгилей кетсек,  Өзбекстанда 4 жаштагы кызын жалынганына карабай катуу сабаган ата тууралуу  «Ўзбекистон» телеканалында «Учбурчак» көрсөтүүсүндө аудиторияга көрсөтүлгөн видео-тасма коомчулукта катуу талкуу жараткан.

Тасмада атасы "Мага керек эмессиң. Апаң Туркияда жүрөт. Эми силерге иттин күнүн көрсөтөм" деп 4 жаштагы кызын жалынганына карбай сабаган.

Ал эми көрсөтүүгө келген ИИМ өкүлдөрү атасынын бул мамилесин кылмыш деп атап, бул окуянын качан, кайсыл жерде болгонун иликтөөгө алышкан.

Учурда окуя быйыл апрелде болгону такталды. Видеону кыздын апасы күч органдарына берген.

Соттун чечими менен сабалган төрт жаштагы кыз жана анын сегиз жаштагы агасы апасына өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83