www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандык кыздар секс-кулдукка Украина аркылуу сатылган

Гүлжан Шерипбаева 14-ноябрь 2017, 11:47

Коом Кылмыш жана кырсык


Өзбекстандык кыздар секс-кулдукка Украина аркылуу сатылган

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук башкармасы  өзбекстандык жарандарды сексуалдык кулчулукка жиберүү менен алектенген уюмдун эки мүчөсүн камакка алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат кызматтары жазып чыкты.

Алардын берген маалыматында, кармалган Л.Сафаева мен Н.Усмонова өзбекстандык кыздарды Банкгокко жиберип жаткан.

Алар кыздарды«Ташкент-Киев-Бангкок» авиа каттамы аркылуу алгач Украинага жиберип, ал жакта кылмышка шектүүлөрдүн тааныштары кыздарды күтүп алган. Андан соң Таиландка жиберип жаткан учурда кармалган.

Учурда аталган окуя боюнча жогоруда аты аталган кылмышка шектүүлөр сот жообуна тартылып, аларга мындан башка да бир канча кызды сексуалдык кулчулукка сатуу тууралуу айыптоолор коюлууда.

Ошондой эле, камакка алынган аялдар буга чейин жасалма документтердин жардамында Казакстан, Россия, Украина аркылуу Түркияга Араб Эмираттарына жана Европа өлкөлөрүнө кыздарды жеткирип турганы маалым болгон.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83