www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев айрым казак аткаминерлерин «жасакерлерге» салыштырды

Гүлжан Шерипбаева 21-ноябрь 2017, 09:15

Саясат


Атамбаев айрым казак аткаминерлерин «жасакерлерге» салыштырды

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте өткөн жыйынтыктоочу маалымат жыйынында айрым жогорку кызматтагы казак аткаминерлерин «кожоюнунун кызматындагы жасакерлерге» салыштырды. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Атамбаев бул тууралуу Казакстан Сенатынын төрагасы Касым-Жоомарт Токаевдин жана бир катар казак министрлеринин буга чейинки билдирүүлөрү боюнча узатылган суроого жооп берип жатып айтты. Өз сөзүндө мамлекет башчы чех жазуучу Ярослав Гашектин сатиралык чыгармасынан үзүндү окуп, мындай деп кошумчалады: Мына, кожоюну жасакерге айтып жатат… сенаттын төрагасы же премьер-министр, ким болсо да алар кожоюнунун жасакерлери.

15-октябрда Бишкекте өткөн Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында Атамбаев кайрадан Казакстан жетекчилигин сынга алып, «бай коңшусунан» кечирим сурабастыгын айткан. Анын билдирүүсүндө «карыган диктатор» деген сөздөр да айтылган.

Андан кийин Казакстандын парламент Сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигине карата айткандарын сынга алган. «Атамбаевдин Казакстанга ыплас асылуулар менен коштолгон кезектеги туталанма сөзү чыныгы жакшы коңшулук мамилеге зыянын гана тийгизет. Чоң саясатта мындай түрдөгү эмоцияларга орун жок. Кыргызстанды блокадалоо жөнүндө сөз жүргөн жок. ЕАЭБдин нормаларын - талаптарын аткаруу керек. Сүйлөшүүлөрдүн предмети мына ушул»,- деп жазган Касым-Жомарт Токаев өзүнүн Twitter баракчасына.

Казакстан парламентинин мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин Атамбаевдин жыйынтыктоочу маалымат жыйынында айткандарын «жоопкерчиликсиз жана популисттик» билдирүү деп атаган. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83