www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт 6 мамлекеттик ишкананы жоёт

Гүлжан Шерипбаева 21-ноябрь 2017, 09:21

Саясат


Өкмөт 6 мамлекеттик ишкананы жоёт

Өкмөт бир катар мамлекеттик ишканаларды жоюу боюнча 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 755 токтомун чыгарды. Бул тууралуу Марал радиосу билдирди.

Маалыматтар боюнча, аталган токтомдо бүгүнкү күндө ишмердүүлүгүнөн натыйжа чыкпаган, функциялары аткарылбаган ишканаларды жоюу керектиги белгиленген.

Жоюулушу керек болгон ишканалар — “Кыргызресурс”,  Баткен райондук типографиясы, “Баткен-Топоз” заводу, Дене тарбия жана студенттик тамактануу комбинаты, Банкроттук иштери боюнча департаменттин окуу борбору, “Манас” мунайзат толтуруучу комплекси мекемелери аталат.

Буга байланыштуу, Экономика министрлиги, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, бир ай ичинде айрым кызматтарды жоюу үчүн комиссия түзүүсү керектиги тапшырылды.

Муну менен катар, аталган мекемелер ар бир айдын 5де токтомдун аткарылып жаткандыгы тууралу отчет берип турушу зарыл.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83