www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадырбек Керимбаев: "Сооронбай Жээнбековго : Кожоюн болсоң ордого, Колго алгын катуу камчыны!"

Гүлжан Шерипбаева 21-ноябрь 2017, 13:19

Маданият Саясат


Кадырбек Керимбаев: "Сооронбай Жээнбековго : Кожоюн болсоң ордого, Колго алгын катуу камчыны!"

Шайлоо баштала электе эле Сокенин ажо болоорун билгем.»Заранее поздравить» этип койдум эле. Дагы бир жолу...

Сооронбайга соп камчы

Алтымыш оңой жаш беле,

Ар ишке бышкан баш деле 

Жеңилиреек жүк менен,

Жетекте Сокем басчу эле.

Көп базарга түшчү эле,

«Көлөкө» жагы жакчу эле...

Акындын кылар иши-деп,

Азилди Сокем түшүнөт.

Колукту алчу жигиттей,

Колтуктап калган киши көп.

Сокеми,ушулар туудай көтөрүп,

Сокеми, ушулар паска түшүрөт .

Сом эмес,тыйын коротпой,

«Согушка» жакын жолотпой.

Түшүнө кирбес Сокемин,

Туш келет ишке жомоктой.

Тагына минет кыргыздын,

Таажыны кийет короздой.

Кетменчи деле күн көрөт,

Кезекти Теңир бир берет.

Кут келип түшсө колуңа,

Кудаяр хандай бийлеп өт!

«Кайран эл» чыдайт баарына,

Кайыштай кылып ийлеп өт!

Ойлобо мындай тигиндей,

Ой таштайм Соке инимдей.

Билишпейт өөпай,төөпайлар,

Бийликтин жолу жүлүндөй,

Кыргынды салып тымпыйса

Кылганы калат билинбей.

Хан,бектен кетет каталык.

Калк билбес күткүн «аталык»

Кайтарсын достор кыйышпас,

Калбасын көзүң кашайып

Шоуменге башкарт ишиңди,

«Шоопур»-деп калбас аталып!

Ар ишке «кулак, көздү» кой,

Агайын тууган,өздү кой.

Атаардан мурда атыңды,

«Акыйкат» -деген сөздү кой.

Кеңешке жалаң бай шайлат,

Төрүнө май баш «гөштү» кой.

Баш бакан кылып өзүңдөй,

Бар жогу жүргөн сезилбей,

Каяша айтас сөзүңө,

Караган жерди жетимдей,

Манапты кой да сөгүп тур,

Маселе калса чечилбей.

Сотторду,сорттоп тандаткын ,

«Сотовой связь» карматкын.

Порокурорлоду кошуп бер,

«Бузукуларды» таап, кармашсын.

Темир торго салганда,

Текедей болуп сайрашсын!

Өнр-жай, айыл чарбанын,

Өлгөнүн ук да,барбагын.

Көпчүлүк түркүм сөз айтар,

Көңүлгө деле албагын.

Журналист толо КТРда,

Жүз пайыз «баплайт» калганын.

Эл менен ачык сүйлөшпө,

Эшигиңди ачып үйрөтпө.

Манаптар барат жумшасаң,

Камап сал аны сүйрөшсө

Атасын жүргүн таанытып,

Акылды бирөө үйрөтсө!

Ажоолук түзсөң кеңешти,

Аалымдар керек эмеспи.

Чуу чыгып кетип жүрбөсүн,

Чубактан алсаң бөлөктү.

Шүмшүйүп калпты көп айтат,

Шүкүр да болот керектүү.

Калкыңдын теңи чет элде,

Каражат салат Мекенге.

Сокемдин калып сообуна

Сом түшөт, окшоп бекерге.

Кыйналба ойлоп аларды,

«Кызыккын» өзүң кетээрде.

Жан кыйнай бербе анчалык,

Жашоону баркы... канчалык!

Кыргыздын оозун баса бер,

Кытайдан улам карыз алып.

Келечек муун бар кутулат

Кетесиң өзүң даң салып.

Ырдатар суудан ичип жүр,

Ырчы кыз ынак күтүп жүр.

Жигитсиң дале кырчындай,

«Жипти» да кээде үзүп жүр,

Чатактан корксоң өлгөндө,

Чапма нике түзүп жүр.

Ар өпкөн сайын «аллах»-дээр,

Арабдын кызы түзүкдүр.

Асырап баккан калкыңы,

Ажоодон болгун айтылуу!

Акынды ханга тең койгон , 

Абалтан калган салт улуу.

Кеменгер сөздү кадырлайт,

Кемитпейт азил баркыңы.

Кожоюн болсоң ордого,

Колго алгын катуу камчыны!!

Кадырбек Керимбаев

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83