www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты: “50-100 жылда гана бир келүүчү тарыхый миссиялар бар. 2018-жылы кандуу саясий репрессияга 80 жыл болот”

Гүлжан Шерипбаева 23-ноябрь 2017, 18:19

Саясат


Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты: “50-100 жылда гана бир келүүчү тарыхый миссиялар бар. 2018-жылы кандуу саясий репрессияга 80 жыл болот”

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында эл өкүлдөрү ата-бабалардын эмгегин баалоо менен аларды эскерүү иш-чараларын өткөрүү сунуштарын билдирди.

Каныбек Иманалиев элүү жылда, жүз жылда бир келүүчү тарыхый миссиялар боло тургандыгын, ага мисал катары Үркүндүн 100 жылдыгы белгиленгендигин айтты. Дагы бир тарыхый миссия келерки 2018-жылы саясый репрессиялардын башталышына 80 жыл болоруна токтолду. Анын айтымында, аталган репрессияда 21 миңден ашуун адам атылган. “Ата-бабалардын эмгегин түбөлүккө калтыруу максатында репрессия курмандыктарын эскерип, алардын өздүгүн тактап, эмне үчүн курман болгондугу тууралуу китеп чыгарып, арбактарына багыштап куран окутуу зарыл, Бул иш-чараны бийик деңгээлде белгилешибиз керек”,- дейт К.Иманалиев. Ошону менен катар эл өкүлү коңшу мамлекеттер менен экономикалык жана саясый маселелерди чечүүдө парламент институтун, парламенттик дипломатияны колдонууну сунуш кылды.

7-8-ноябрь күндөрүн ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилене тургандыгын кубаттаган депутат Зарылбек Рысалиев кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн сап башында турган Жусуп Абдырахмановдун эл-жерине жасаган иштерин тизмектеп, ага эң жогорку даражадагы “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын ыйгарууну сунушу менен чыкты, деп жазат Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83